Акыркы кабарлар
21:02
» Шоу-Бизнес » Анжелика: “Намазды башта, ошондо баарын түшүнөсүң!
Анжелика: “Намазды башта, ошондо баарын түшүнөсүң!
09-март, 22:55

Бул тууралуу ырчы өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыкты.
“Алар “жашоо саркеч жана ошол эле учурда жөнөкөй болушу мүмкүн эмес” деп айтышкан. Мүмкүн! Жок дегенде Аллахтын алдында ачык бол. Сиз өзүңүздү алдап, башкаларга такыр башка адамдай көрүнө аласыз. Ал эми намазга турганда Жараткан сени кандай жаратса, ошондой көрүнөсүң. Ар күнү жөн гана адам болуу үчүн намазды башта! Ошондо баарын түшүнөсүң.
P.S. “Оо оронуп алган экенсиң, кара кийипсиң, сен кыргыз болуп туруп арабча жүрөсүң, жоолукту качан чечесиң, мүшөк кийгенден тажаган жоксуңбу?”
Эч бир өлкөдө акылдуу адамдар мындай кеп салышпайт деп ойлойм. Сиз өзүңүздүн сөзүңүз менен ким экениңизди көрсөттүңүз! Мен адам эместерге жооп бербейм! Баса, бирөөгө мунун баары жакпады… Мен өзүмө чыныгы бактылуу жашоону билген, намаз окуган татыктуу адамды издейм” деп жазган ырчы.