Кенже Дүйшеева “Үлпүнчөктү” ырдайт. Эми кыз узатуу же жар-жар айтууда акча табабы?


Ырчы Кенже Дүйшеева “Үлпүнчөк” деп аталган жаңы чыгармасын тартуулайт. Бул тууралуу ырчы өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу маалымдады.
“Жаңы чыгарманы даярдап жаткан учурда ары ойлонуп, бери ойлонуп, кыялдарда термелесиң. Ал чыгарма узак жашап, элдин жүрөгүнөн орун алса деген изги тилекте жан үрөп иштейсиң. Ооба дал ошондой. Быйылкы жылы жаңы ырлар тизмектелип, шөкөттөлүп, сиздерге тартуулаганы турам.
Эске салчу нерсе? мындан кийин өзүмдүн жеке ютуб каналымдан биринчилерден болуп угуп, андан клиптерди да көрө аласыздар. Кулагыңыздарга күмүш сырга катары жаңы чыгарма. Бул чыгарманы биринчи сөзүн жактырып, анан обону жаралды. Сөзү Урниса Кадыралиевага таандык. Обону Алишер Мамадалиевдики. Аталышы Үлпүнчөк.
Зор чыгармалар тизмектелип турат. Мисалы кыз узатууга же жар-жарды аткарууда өзүңүздүн жаңы чыгармаларыңыз ыр куржунунда болушу шарт. Өзүң сөз жаздырып, обонуна буйрутма берип дегендей. Жөн гана даяр нерсеге көнгөн да дурус эмес. Мисалы, бир эле чыгарманы баары эле тойдо, жакшылыкта аткара бергенди жактыра бербейм. Ар бир аткаруучу өзүнө жеке ыр даярдаганы дурус деп ойлойм. Себеби ар бир аракетте мыкты чыгармалардын жаралышына шарт түзүлөт эмеспи”,-деп билдирди ырчы айым.











