Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бабановдун иши боюнча Финпол 16 объектини камакка алмакчы

Бабановдун иши боюнча Финпол 16 объектини камакка алмакчы

12-декабрь, 13:10
1 077 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

3-декабрда экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (мурдагы финпол) тергөө судьясына буга чейин «Кыргызстан» банкына таандык болгон мүлктөрдү камакка алуу боюнча сунуш киргизди. Айрым булактардын маалыматына караганда, киши жашабаган имараттарга тинтүү жүргүзүлгөн. Бирок, судья Финполдун сунушун канааттандырганы, же канааттандырбаганы белгисиз.

Эске сала кетсек, банктын акционери болуп Өмүрбек Бабановдун эжеси саналат, ага акциялардын 97 пайызы таандык.

9-октябрда каржы полициясына “Кыргызстан коммерциялык банкы” ААКнын акционери З.Коңурбаевадан арыз түшүп, ал буга чейин банктын уставдык фондусунда болгон негизги каражаттарды сатуу боюнча маалымат бербегендигине байланыштуу банктын жетекчилигине чара көрүүнү суранган. Тергөө 2010-жылы банктын жетекчилери “Азия Истейт” ЖЧКсынын дарегине кыймылсыз мүлктү атайылап төмөнкү баада, 46 миллион сомго саткан деп эсептейт.

Андан соң “Азия Истейт” ал мүлктү чет элдик “Варантон Ресурсес” (Сейшеллы) компаниясына күрөөгө коюп, 169 миллион сом карыз алган. Финпол банк негизги каражаттарын төмөндөтүлгөн баада сатуу менен акционерлерге жана мамлекетке зыян келтирди деп эсептейт. “Азия Истейттин” пайдасына берилген мүлктөрдүн арасында Чыгыш-5 кичирайонунда, Исанов көчөсүндө, Эркиндик проспектисинде, Кара-Балта, Токмок, Ош, Жалал-Абад, Таш-Көмүр, Кызыл-Кыя, Нарын, Каракол, Балыкчы, Чолпон-Ата жана Талас шаарларында жайгашкан киши жашабаган, админстративдик имараттар бар. 

Белгилей кетсек, өткөн президенттик шайлоодон кийин УКМК Өмүрбек Бабановго карата эки кылмыш ишин козгогон. Финполго да бир топ арыздар түшүп, бирок, каржы полициясы ал арыздардын кайсылары катталганын ачыктай элек. Август жана сентябрь айларында Бабанов бир нече жолу сурак берип кеткен.


(Kaktus.media)

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер