Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алтынбек Сулаймановдун шакирти Бактыбек Каналиев оор кылмышка шектелди беле?

Алтынбек Сулаймановдун шакирти Бактыбек Каналиев оор кылмышка шектелди беле?

04-сентябрь, 19:10
2 243 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бакыт Касымалиев, “Альфа” кызматкери. (Төмөндө фамилиясы өзгөртүлгөнү белгиленген.) Бул кызматта ар убак беткап тагынып жүзүн көрсөтпөй келет. Айыпталуучу издөөдө деп жарыяланып, кандайдыр бир себептер менен камакка алынышы керек болсо дагы, кызматтан бошотулбагандыктан, биз анын жүзүн ушул жерде да жабууга аргасызбыз.

Бакыт аттуу “Альфада” иштеген чала тааныш жигит, кылмышка шектүү экени тууралуу сурак берип жаткан Карабек Сариев көрсөтмө берген. Алар ири бизнеси бар кытайлык ишкерди каракташкан. Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн иликтөөсү менен ал шек жараткан Бакыт Касымалиев (фамилиясы өзгөртүлдү) белгилүү кызматта иштеген адам экени маалым болуп отурат. Ал адамдан кылмыш жыттанып отурат. Бакыт Касымалиев айтылуу “Альфанын” Ош облустук бөлүмүндө "Калкан" куралдуу кылмышкерлер менен күрөшүү, барымтадагыларды бошотуу, бир сөз менен айтканда, күч менен иш алып баруу үчүн түзүлгөн атайын бөлүккө кызмат кылат. Мүлктү, айрыкча ири өлчөмдөгү мүлктү тартып алуу менен уюшкан топтун курамындагы талап-тоноочулук боюнча айып “Альфа” кызматкерине коюлганы эмне деген көрүнүш! “Альфа” кызматкерине айып коюлуп, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине, ал гана эмес борбор калаадагы “Альфа” кызматынын жетекчилигине кайрылуу түшсө да, Бакыт Касымалиевден дайын жок. Үстүбүздөгү жылдын 27-июлунда Ош облустук прокурору жүзүн ачпаган чекистти камоого чечим чыгарган. Бирок кылмышка шектүү Касымалиев кайда экени али белгисиз бойдон калууда. 

“Дело №...”, 2002-жыл, 4-сентябрь

P.S. Бактыбек Каналиев мурдагы “Альфанын” кызматкери, кийин Алтынбек Сулаймановдун шакиртине айланып, анын командасына кошулган. “Бир Бол” партиясынан Ош шаардык кеңешине депутат болуп, вице-спикерликке чейин көтөрүлгөн. Учурда “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен парламенттик шайлоо баратат. Сыягы, Алтынбек Сулайманов башка партиялар аркылуу да өз адамдарын өткөзүп, Жогорку Кеңеште чоң күчкө айлангысы келдиби? Бирок, моралдык-этикалык жагы кандай болот? Кечээ оор кылмышка шектелип, качып жүргөн адам бүгүн мыйзам чыгарууга, элге акыл үйрөтүүгө ашыкса, коомубуздун ойрондолгону ушулбу?.. 


“Азия Ньюс” гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер