Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Атасы сабаган баланын денеси бүт көгала экендиги аныкталды
Атасы сабаган баланын денеси бүт көгала экендиги аныкталды
23-апрель, 11:05

Москванын врачтары “отжимание жаса” деп атасы сабаган баланын денеси бүт көгала экендигин аныкташты. Бул тууралуу өздүк булактарына таянып ТАСС жазып чыкты.
Белгилей кетсек, 1985-жылы туулган Ж.Э. аттуу Кыргыз Республикасынын жаранына карата Москва шаарынын Кунцево району боюнча тергөө комитети тарабынан РФдин кылмыш-жаза кодексинин 177-беренеси (Уруп-согуу, кыйноо) жана 156-беренесинин (Жашы жете электи тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Соттун чечими менен Ж.Э. 2 айга камакка алынган.











