Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кечээ дарыгерлердин кайдыгерлигинен 15 жаштагы бала каза болуп калды

Кечээ дарыгерлердин кайдыгерлигинен 15 жаштагы бала каза болуп калды

08-апрель, 11:36
1 975 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Журналист Алтынай Арстанбекова өзү күбө болгон 15 жаштагы баланын өлүмү тууралуу баракчасына жазып чыкты.

"6-апрель күнү кечки саат 5тер чамасында Арча-Бешик жакта катуу бара жаткан жеңил машине велосипед тээп бара жаткан 15 жашар өспүрүмдү тебелеп кеткен. Катуу ылдамдыкта келе жаткан машине урганда бала велосипедден учуп кеткен. Тез жардам чакыргычакты бала кулап түшкөн жеринде жарым саат жаткан. Тез жардам машинеси келгиче дагы жарым саат өтөт. Баланы салып Бишкектеги 3-балдар клиникалык ооруканасына алып барышат. Ал убакка саат кечки 18:30-19:00 болуп калат. Тез жардамдагы врачтар “травма алды” деп айтып кетип калышат. “3-оорукананын дарыгерлери карабай жатышат, баланын бөйрөгү эзилип калыптыр” деп түнкү саат 3тө мага чалышты. Мен кантип жардам береримди билбей отуруп калдым. Баланын ата-энеси кошуна жашаган активист эжелерди чакырган экен, алар түнкү 4тө ооруканага барышса, карабай жаткан дарыгерлер баланы сүйрөп УЗИге жөнөшүптүр. Баланын апасынын айтымында, УЗИге алып барып эмнегедир жаткан абалында эмес, тургузуп текшерүүдө бала кулап түшөт жерге. Анан алып келип капельница коюп коюшат. Эртең мененки саат 7лерде апасын киргизет балага. “Коштошуп алсын” дегени го... Таң эрте бала бул дүйнө менен кош айтышып кете бериптир... 
 Түбүң түшкүр дүнүйө, доктурлар неге шалаакылыкка жол беришет? Неге ооруканага оор абалда алынып келинген балага керектүү көңүл бурулуп, заматта жасалчу процедуралар жасалбайт? Дагы бир оор күнөөнү мойнуна алышты, ошол кайдыгер врачтар. Баарын түшүнүп турам, карантин учуру, өзгөчө кырдаал киргизилди, эч кимди өткөрбөй, эч кимди көчөгө чыгарбай жатышат. Бирок, сенин колуңа бөйрөгү жарылып кеткен баланы алып келгенде организмине кан толуп калбашы үчүн баардык аракетти неге көргөн жоксуң?..

Неге бачым кыймылдап тезирээк аракеттенсе болбойт эле?

9 жыл медакадемияда окубасам да мен билем, катуу ылдамдыкта келген машине баланы урганда ички органдары жабыркап, жанчылып кетет. Ички органдарга кан толуп калбаш үчүн доктурлар баардык аракетти көрүш керек болчу... Баланын өлүмүнө тез жардамда калп эле ак халат кийип жүргөндөрдү жана колуна алып барып берсе да өспүрүмдүн өмүрүн сактап кала албаган, сактоого аракет да кылбаган врачтарды күнөөлөйм. Мен баланын ата-энесине учурдагы вирус кырдаалга карабай дарыгерлерди сотко берүү кеңешин бердим. 12 жашымда аракка тоюп алган акмактар москвичке отуруп алып жашыл светофордон өтүп бара жаткан мени тебелеп кетишкен. Бир ай ооруканада жатып, бир жашар баладай басканды кайра үйрөнгөнүм эсимде... Бир бөйрөгү жок жашап жүргөнүмө 33 жыл болду... Мүмкүн дарыгерлер баланын жарылып кеткен бир бөйрөгүн кесип салса, мага окшоп бир бөйрөгү эки бөйрөктүн функциясын аткарып, көнүп калат беле? Мага окшоп 45ке чыгат эле. Бала-чакалуу болот эле. Элине жардам кылган жигит болот эле... Баланын ата-энеси сотко берсин, сот эмне кылды, дарыгерлер эмне кылды, баарын мен кабарлап турам...
 
Бала-чака көчөдө жүрбөсүн! Аман бололучу!"

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер