Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Россияда мектепте ок аткан 12 жаштагы өспүрүм кармалды

Россияда мектепте ок аткан 12 жаштагы өспүрүм кармалды

18-октябрь, 17:28
1 324 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

18-октябрда Россиянын Пермь аймагындагы Сарс кыштагында мектепке аңчылык мылтык көтөрүп келип, шыпты көздөй эки жолу ок аткан 12 жаштагы өспүрүм кармалды. Жергиликтүү полиция кабарлагандай, өспүрүм бала атасынын карабин мылтыгын мектепке алып келип, класста сабак башталар алдында ок аткан. Окуяда эч ким жабыркаган жок. 300дөн ашуун окуучу жана 30 мугалим эвакуацияланган. Пермь облусунун жергиликтүү бийлиги билдиргендей, 6-класста окуган өспүрүм менен мектептин директору сүйлөшүп, куралын таштоого көндүргөн. 

20-сентябрда Пермь мамлектетик университетинде куралчан адам ок чыгарып, андан алты киши мерт болгон жана 28 адам жараат алган. Кийинчерээк полиция 18 жаштагы Тимур Бекмансуров аттуу жаран ок атканын, ал кармоо учурунда жарадар болгонун билдирген.

Адатта Россияда жана мурдагы советтик республикаларда мектепте окуучулар ок чыгарган учурлар сейрек кездешет. Бирок адистер мындай окуялардын саны соңку жылдары көбөйүп жатканын айтышууда.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер