Бишкектеги абанын булганганы көпчүлүк элди кооптондура баштады
Баш калаабыздагы абанын булганганы эң негизги көйгөйгө айланды. Дүйнө жүзүндөгү кирдүү шаарлардын алдыңкы сабына чыктык. Абанын бузулганы нормадан 10 эсе жогорулап кеткени маалымдалууда. Кыш жаңыдан кирип келгенде мындай олуттуу коркунучтун жаралышы кооптуу экенин түшүнүп турабыз. Көпчүлүк эл санаркоого батууда. Алдыда дагы 3 ай кыш. Жарандардын саламаттыгы үчүн кантип күрөшөбүз? Жаңы конуштарда жана ТЭЦте сапатсыз көмүрдүн жагылышы, айрым жерлерде ар кандай калдыктар менен жылынгандар, миңдеген эски машиналардан булганыч түтүндүн чыгышы – Бишкек шаарын ышка чулгап салды. Өкмөт дал ушул көйгөйдү алдына алуу үчүн эртелеп жолун таппайт беле? Эми эмне кылмак эле? Массалык түрдө адамдардын ден соолугу бузулса, аягы эмне болот? Айтор, кандай болгон күндө да кырдаалдан чыгуунун жолун табуу зарыл.
Aryba.kg