Бакытбек Жумагулов, серепчи: “Үч революцияны тең кыргыз эли жасаган”
-- Бакытбек мырза, тар чөйрөдөгү “кезексиз президенттик шайлоо болот” деген күбүр-шыбыр кептерге кандай карайсыз?
-- Азыркы кезде мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө юридикалык да, саясый дагы негиз жок. Эмнеден улам мындай сөздөр жаралып жатканын анча биле албай турам. Менимче, бул сөз “жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин президенттик шайлоо болушу керек” деген жагдайдан жаралышы мүмкүн. Себеби, президент 2010-жылы кабыл алынган Конституция менен шайланган. Ал ишке киришкенден соң жаңы Конституция кабыл алынган. Балким, ошон үчүн да кезектеги шайлоо болушу мүмкүн.
-- 2010-жылкы Конституцияда президент бир гана мөөнөт шайлануу укугуна ээ эле. Жаңысы боюнча эки мөөнөткө шайланат эмеспи. Мүмкүн экинчи ирет шайлоого баруу үчүн мөөнөтүнөн мурун шайлоо өткөрүү маселеси жаралып жаткан жокпу?..
-- Мүмкүн. 2010-жылкы Конституцияда президенттик-парламенттик башкаруу болуп, президент 6 жылга бир гана мөөнөткө шайлануу укугуна ээ болчу. Жаңы Конституцияда президенттик башкарууга өттүк. Президент беш жылдан эки жолку шайлоого катышууга укугу бар. Бул маселелер референдум убагында каралды беле, же жокпу (?), эстей албай жатам... Эгер ал каралган болсо, андай деле орчундуу маселе жаралбайт. Эгер референдумда андай нормалар сакталбай калса, анда бул саясый аспектиде кандайдыр бир маселе жаратып коюшу ыктымал.
-- Кокус маселе талаш жаратса, ага ким чекит коёт?
-- Эгер андай жагдай көтөрүлө турган болсо, ага Конституциялык сот чекит коюшу керек. Ошонун чечими менен талаштуу жагдайга жооп алалабыз.
-- Президент экинчи жолку шайлоого барса, утуп чыгуу мүмкүнчүлүгү барбы?
-- Рейтингдерди эске алсак, президенттин позициясы жаман эмес. Көпчүлүгүндө алдыңкы орунда турат. Шайлоого катышса, жетиштүү добуш алса керек. Анткени, эл ичинде жакшы иштерин санагандар арбын.
-- Баса, айрым серепчилер “Украинадагы согуш токтосо, АКШ Кыргызстандын бийлигин алмаштырууга киришет” деген ойлорду кыйытууда. Кыргызстандагы революциялар тышкы күчтөрдүн колдоосу менен болобу же эл өзү жасап жатабы?
-- Менин баамымда, үч революцияда тең көпчүлүк жакырланып, президенттин жакындары бийликке тобу менен чырмалышып, коррупциялык схемага киришип, адилетсиз шайлоону өткөрүшүп, элди ойлобой калышкан да. Ошентип, эл адилетсиздикке каршы чыгып, бийлик алмашып келген. Андыктан “Кыргызстандагы революцияларды Америка же Россия кылды” дегенге кошула албайм. Мен үч революцияны тең кыргыз эли кылганын жакшы билем.
-- Анда эмнеге “Америка менен Россиянын таасиринен улам революция болду” деген кептер айтылып жүрөт?
-- 2010-жылкы революцияда да Бакиевдин үй-бүлөсү көп былык иштерге себепчи эле. Так эле Акаевдин үй-бүлөсүндөй болуп саясатка аралашып, өз билгендерин кылып калышкан. Россиянын биринчи каналынан “Бакиевдин жакындары жана анын айланасындагылар кыргыз элинин акчасын уурдап жатат. Энергетиканы сатып, элдин “алло” дегенинен 60 тыйын ала баштады” деген маалымат чыккан. Ошондон кийин эле революция болуп кеткен. Ошон үчүн “Бакиевдин кетишине Россия кызыкдар болгон” деген кептер айтылып жүрөт. Чынында Кыргызстандагы революциянын түзмө-түз таасири бул – эл.
Сооронбай Жээнбеков деле шайлоону адилетсиз өткөрүп, коррупциялык кландар менен кызматташуунун курмандыгы болгон. Шайлоону таза өткөргөндө эч ким бийлик алмаштырууну ойломок эмес. 2020-жылы бийликтин алмашышына адилетсиз шайлоо себепкер болгон. Күтүлбөгөн жерден орун алмашып, элдин колдоосу аркылуу Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев бийликке келишти. Элге берген убадаларын аткарып, Кумтөр кыргыз элине өттү.
"Азия Ньюс" гезити