Шумдук! Арстан Алайга сыйынган адамдардын видеосу тарады(видео)
Өзүн дайыма "Жаңы Кудаймын” деп эсептеп келген Арстан Алайга сыйынгандардын өзгөчө видеосу тарады. "Media center" Ютуб каналындагы видеодон боз үйдө топтошкон аялдар Арстан Алайдын ысымын улам атап, ага сыйынып жатканын көрүүгө болот.
Буга чейин Арстан Алай “мен жаңы Кудаймын” деп коомчулукка жар салганы үчүн 16-октябрда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов теңирчилер боюнча суроого жооп берип жатып, “Мен – Кудаймын” деп айткан адамдын сөзү экспертизага жөнөтүлгөнүн, анын жыйынтыгы боюнча тийиштүү чара көрүлө тургандыгын билдирген.
Ал эми Арстан Алай жакында эле үлкөн өлкөлөрдүн президенттерине кайрылуу жасаган видеосу да Ютуб каналга тартылган.
Эскерте кетсек, Арстан Алай Кыргызстандагы акыркы президенттик шайлоого да өз талапкерлигин койгон эле.