Расул Тулеев, эксперт: “Көпчүлүк үй-бүлөлөр мигранттардын жиберген акчалары менен жашап жатышат”

-- Мигранттардын саны 2 миллионго жетип калды. Алар жөнөткөн каражат болбосо бюджетибиз кандай абалда болмок? Миграциянын кандай терс жактарын белгилеп айтсак болот?
-- Мигранттардын жалпы экономикалык өнүгүүбүзгө кошкон салымы бүгүнкү күндө аябай чоң. Кыргызстанда көпчүлүк үй-бүлөлөр мигранттардын жиберген акчалары менен жашап жатышат. Бирок, ошол эле учурда Кыргызстандын бюджетине түздөн-түз ал каражаттардан салыктар же кандайдыр башка төлөмдөр түшпөйт. Ошондой эле социалдык фондго мигранттардын айлык маянасынан же которгон акчаларынан эч кандай акча кармалбайт. Ал эми тикелей эмес төлөмдөр сөзсүз түшөт, мисалы, НДС, акциз салыгы ж.б. ушул сыяктуу салыктар аркылуу бюджет толукталат. Кыска мөөнөттө мигранттар иштеп тапкан акча каражаттары биздин экономикага түрткү берип жатат, бирок узак мөөнөттө карасак, миграциянын терс жактары көбүрөөк. Учурда биздин өлкөдө жумушсуздук жана социалдык маселелер толугу менен миграция аркылуу чечилип жатат.
Миграциянын терс жактары:
1) Ата-эне тарбиясын көрбөй калган жаңы муун.
2) Социалдык фондго мигранттар азыр төлөбөйт, бирок иштей албай калган учурда алардын пенсия маселеси чечилбей калышы мүмкүн.
3) Биздин өкмөт дарыгерлерди, мугалимдерди бекер окутуп, кесипкөй адистерди даярдап, аларды чет өлкөлөр өздөрүнө алып кетишет.
4) Көбүнчө мигранттар Кыргызстанга кайтып келишпейт жана чет өлкөлөрдүн жарандыгын алып калып жатышат.
"Азия Ньюс" гезити