Генерал Октябрь Урмамбетов мамлекеттин чыныгы сакчысы


Быйылкы жылы Кыргызстан дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурдуруп, ири саясый-маданий иш-чаралардын очогуна айланды. ШОС, Көчмөндөр оюндарынан тарта не деген окуяларга күбө болбодук? Мамлекеттер аралык бир катар расмий делегаттар, жогорку посттогу кызмат адамдары келип атышты. Саякатчы, туристтердин агылганы андан көп...
Мындайча айтканда, мекенибиздеги өзгөрүүлөргө чындап эле көңүл бура турган убак келди окшойт. Ириде ошол жетишкендиктерге чейин Опол тоодой эмгектер аткарылат экен. Алардын эң орчундуусу – коопсуздукту, тартипти өлкөдө орнотуу эмеспи. Мына ушул вазыйпаны ИИМ жетекчиси Улан Ниязбеков аркалап, ишенимдүү чыйыр салып келатат. Ооба, чоң ийгиликтер командалык аракеттердин натыйжасында жүзөгө ашары калетсиз. Демек, ушул жерде бир урунттуу жагдай бар. “Жандооч кийик аттырат” демекчи, министрдин олуттуу орун басары тууралуу учкай кеп кылалы.
Генерал-майор Октябрь Урмамбетовдун жайына келсек, жогорудагы биз эске сала кеткен дүйнөлүк жана мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларды көзөмөлдөп, алардын жогорку жетишкендикте өтүшүнө салым кошкон жетекчилердин бири. Жалпы өздүк курамга аткарган иши менен өрнөк болуп келатат. Ар дайым талапты катуу коё билгени, ошол эле кезде кашаң кызматкерлерди “камчылаганы” менен өзгөчө экен. Мындайда айрым ыкшоолор ачык чыга алышпай, анын артынан “сөз ыргытып” калышканы аңыз кепке айланууда.
Негизи Октябрь Урмамбетов кызматтык тепкичтерди жогору карай ырааттуу түрдө басып өткөнү, оперликтен ОИИБ начальнигине чейин өскөнү, натыйжада, генерал-майор наамына татыктуу эмгеги менен жеткени бааланып келет. Ал милициянын тарыхында калууну, өзүн үлгү катары көрсөтүүнү биринчи планга койсо керек. Мезгилдин өтүшүнө жараша чыныгы ак эмгек гана кашкая бөлүнүп, кийинки муунга сабак катары тартууланат эмеспи. Анын сыңарындай, Октябрь Урмамбетовдун кечээги, бүгүнкү жана эртеңки иштери уланып, ИИМ барактарында өзгөчө бааланары шексиз. Себеби, өлкө коопсуздугу, тартиби үчүн өмүрүн арнаганы айныксыз чындык.
Көрсө, мамлекеттин чыныгы сакчысы, күйөрманы дал ушундай кыраакы жана эмгекчил кадр болот тура...











