Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ишбилги кадрларды, мугалимдерди баалабай көчөгө айдап чыгуу акылга сыябы?

Ишбилги кадрларды, мугалимдерди баалабай көчөгө айдап чыгуу акылга сыябы?

29-сентябрь, 16:49
177 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине жаз айында жаңы ректор келген. Аты-жөнү Тотубаева Нурзат Эрмековна. 

     Ал келгенден бери эле университеттин кадрларын «эрмектөө» менен алек. Сөзүбүз куру болбошу үчүн далил келтирсек, Тотубаева ишке киришкенден бери проректорлорду алмаштырып тынды. Андан соң декандарды жаңылады. Эми жатакананын коменданттарына, кафедра башчыларына кезек келди окшойт. Жалпысынан ректор айым ондогон жарактуу кадрларды кетирип, алардын ордуна «өз» кишилерин дайындаганы ырааттуубу? Жетекчи шашылыш түрдө чечим кабыл алып, кадр саясатын каалагандай эле калчай берсе, көп жылдык эмгек кылуунун акысы, кызматкерлердин укугу кантет? Мындай өзүм билемдиктин аягы жакшылыкка алып барбасын Нурзат айым эсине алышы керек. Көптөгөн ишбилги кадрларды, мугалимдерди баалабай көчөгө айдап чыгуу акылга сыябы? 

     Алдыда дагы арбын сөз болчудай...

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер