Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улугбек Ормонов, ЖК депутаты: “Кичи автобустарды дароо эле токтотуп койгонго шаар бийлиги даяр эмес”

Улугбек Ормонов, ЖК депутаты: “Кичи автобустарды дароо эле токтотуп койгонго шаар бийлиги даяр эмес”

29-май, 01:16
607 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Улугбек Зулпукарович, 25-майдан тарта коомдук транспорт жүрө баштады. Бирок, эл арасында “автобустар менен троллейбустарды жүргүзүп, кичи автобустарды (маршруткаларды) коё бербеш керек эле” деген пикирлер бар. Буга сиздин көз карашыңыз кандай? Балким, чындап эле маршруткаларды азайтып, автобустар менен троллейбустарды көбөйтүш керектир?

-- Эгерде мэрия ушул убакка чейин даярданып, шаардын өзгөчө борбордук көчөлөрүнө троллейбустар менен автобустарды көбөйтүп койгондо жакшы болмок. Бирок, бүгүнкү күндүн реалдуулугу – андай каражат жок. Шаарда болгон автобустар менен троллейбустардын саны жалпы шаардыктарды ташыганга жетишпейт. Андыктан, шаар бийликтери кичи автобустарды коё берүүгө аргасыз. Бирок, бул маселеге бир беткей караганда да болбойт. Жакында эле телевизордон Кабардин Балкариянын Нальчик шаарын көрсөтүштү. Мэрия алып бергенби, же өздөрүбү, айтор, унаага отурган жүргүнчүлөрдүн ар бирине айдоочулар бекер беткаптарды берип атышат. Биз азыр айдоочулардан “жүргүнчүлөрдүн саны аз болсун, бир орунга эки киши отурбасын” деп талап кылып жатпайбызбы. Анда ал талаптар аткарылышы үчүн мэрия тарабынан автобустардын, троллейбустардын, кичи автобустардын айдоочуларына колдоо көрсөтүлүшү керек. Дагы бир жолу белгилеп койгум келет, кичи автобустарды дароо эле токтотуп койгонго шаар бийлиги азырынча даяр эмес. 

-- Бирок, келечекте автобус, троллейбустарды көбөйтүп, кичи автобустарды азайтса болот да?

-- Өзгөчө троллейбусту көбөйтүп, газ менен жүргөн экологиялык жактан таза автобустарга өтүүгө тийишпиз. Мына баарыбыз көрдүк го, эки ай унаа каттабады эле шаардын абасы таптаза боло түштү. Өкмөт да, мэрия да мунун үстүнөн иштеши керек. 

-- Өкмөт демекчи, премьердин кокусунан эле эс алууга кеткенин кандай кабыл алдыңыз?

-- Менимче, бул туура чечим. Себеби, тергөө башталбадыбы. “Өкмөттүн аппарат башчысы сурак бере баштады” деген маалымат тарады. Андыктан, тергөөгө тоскоолдук кылбаш үчүн эч болбосо эс алууга кетип турганы туура эле. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер