Илон Маск жасалма интеллекттин коркунучу тууралуу эскертти


Америкалык миллиардер, Tesla жана SpaceX компанияларынын жетекчиси Илон Маск мындан 12 жыл мурун жасалма интеллекттин (ЖИ) коркунучу тууралуу айткан эскертүүсүн кайрадан эске салды.
Ал 12-сентябрда X социалдык тармагындагы (мурдагы Twitter) 2014-жылы жарыялаган билдирүүсүнө жооп берип, «12 жыл мурун» деп жазды.
Маск шилтеме берген ошол билдирүүдө жасалма интеллект келечекте өзөктүк куралдан да кооптуу болуп калышы мүмкүн экени айтылган. Ошондой эле ишкер британиялык философ Ник Бостромдун «Суперинтеллект: өнүгүү жолдору, коркунучтар жана стратегиялар» аттуу китебин эскерип, адамзат жасалма интеллектке карата өтө этият болушу керектигин белгилеген.
12-сентябрда Anthropic компаниясынын жетекчиси Дарио Амодеи технологияны көзөмөлдөөнү камсыз кылуу үчүн жасалма интеллектти өнүктүрүү темпин жайлатуу зарылдыгын билдирди.
Илон Маск ошол эле күнү анын чакырыгын колдоду. Бул демилгеге OpenAI компаниясынын жетекчиси Сэм Альтман да кошулду. Анын айтымында, акыркы жумаларда OpenAI компаниясында технологиянын өнүгүшүн көзөмөлдөө маселеси негизги талкуу темаларынын бирине айланган.











