Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Качкын Булатов: “Тогуз-Тородогу өрттөлгөн фабриканы кайра иштетсе пайдалуу болмок”

Качкын Булатов: “Тогуз-Тородогу өрттөлгөн фабриканы кайра иштетсе пайдалуу болмок”

26-июль, 09:00
413 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Качкын ага, сизге бир суроо менен кайрылайын, айтсаңыз, чет өлкөгө ташылып жаткан ири кирешеге бөгөт коюу максатында алтын концентраты сыртка чыгарылбай, өзүбүздө кайра иштетүү боюнча президент Садыр Жапаров тийешелүү тармакка тапшырма берген эле. Учурда абал кандай?

-- Өткөн 2022-жылы октябрь айында президенттин өлкөдөн алтын концентраттары, алтын жана басымдуу рудалары мындан ары чыгарылбай, Кара-Балта тоо-кен комбинатында кайра иштетүү менен “доре” куймасын алуу тапшырылган эле. Эмнегедир андай комбинат курулбай, мөөнөтү дагы алты айга жылдырылды. Убагында алтын концентраттарды иштетип, "доре" куймасын чыгара турган металлургиялык фабрика Макмал алтын комбинатынын жанына курулуп, 70%ы бүтүп келатканда 2018-жылы 11-апрелде атайын уюшулган топ башаламандык уюштуруп, өрттөп жиберишкен эле. Курулуп жаткан фабриканы өрттөөнү уюштургандар белгилүү болгону менен тергөө иши белгисиз себептерден улам токтотулган. Чет өлкөгө ташылып жаткан ири кирешеге бөгөт коюу максатында алтын концентратын өзүбүздө кайра иштетүү долбоорун Садыр Жапаров ишке ашырууну тапшырып жатат. Мурунку бийлик жеке акчага кызыгып, эбегейсиз алтын сыртка чыгып кеткенге көңүл кош болгон. Концентратты кайра иштетүү өндүрүшү эң актуалдуу жана колдоого алууга татыктуу долбоор. Негизи, Тогуз-Тородогу өрттөлгөн фабриканы кайра жандантса пайдалуу болмок. Себеби, туннель ачылса руданы ташыгандарга өтө ыңгайлуу болуп, түштүк-түндүк тараптан да жакын болмок. Ал фабрика курулуп калса, жумуш орундары пайда болуп, райондун бюджети да толукталмак.


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер