Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Русланбек Жакышев, ЖК депутаты: “Таксисттин күнүмдүк тапкан бир аз тыйынын өөнөмөй...”

Русланбек Жакышев, ЖК депутаты: “Таксисттин күнүмдүк тапкан бир аз тыйынын өөнөмөй...”

05-январь, 19:30
488 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Руслан мырза, эмне үчүн таксилерди лицензиялоо боюнча мыйзам долбооруна каршы болуп жатасыз?

-- Карап көрсөңүз, Кыргызстанда элүү миңдей киши такси айдап оокат кылат экен. Алардын үй-бүлөлүк жашоосу жалаң ошол такси менен байланыштуу. Алар ансыз деле патент алып иштеп жатышат. Эми лицензиялоо боюнча жаңы мыйзамга ылайык, алар дагы патент алат, соцфондго төлөйт, техкароодон өтөт... Алардын баарын эсептей келгенде, 5-10 миң сомдун тегерегинде чыгым тартат. Ошонун баарынан өтүп келгенден кийин жеңил машинага бир жылга 500 сомго лицензия берет экен. Лицензия алгандан кийин деле жеке таксист болуп иштегенге мүмкүнчүлүгү жок. Алар кайрадан бир фирманын алдына кириш керек. Ал фирма өзүнүн жолдомосун берет, ал үчүн белгилүү өлчөмдө акча алат. Өздөрүнүн наркологу, диспетчердик пункту болот. Ага да акча төлөйт. Айтор, таксисттин күнүмдүк тапкан бир аз тыйынын өөнөмөй. Ошол эле учурда аларга фирма тараптан бир тыйын да жардам болбойт. Өзүнүн чөнтөгүнөн ремонт кылат.

-- Бирок, долбоордун демилгечилеринин айтымында, анын максаты таксисттерди тартипке салуу экен...

-- Ооба, “лицензия бериле баштаса таксисттер тартипке салынат, жол кырсыктары азаят” дешет. Бирок, жол кырсыгы лицензияга эле байланыштуу эмес да. Ал үчүн жолдорду оңдоп, чектөөчү белгилерди коюш керек. Азыр алыска каттаган таксилердин дээрлик 70 пайызы оң рулдуу машиналар. Аларга лицензия берилбейт экен. Анда алардын укугу чектелип калабы?.. Айтор, суроо көп.

-- Учурда тумоо күчөгөн мезгил. Бул болсо аптека тармагында көп көйгөйлөр бар экенин көрсөттү...

-- Туура айтасыз. Азыр эмне көп? Аптека көп. Бирок, бааларын көзөмөлдөгөн эч ким жок. Сасык тумоого каршы дары бир жерде 100 сом турса, дагы бир аптекада 500 сомдон сатылып жатат. Эл кайсы дарыга көбүрөөк муктаж болсо, ошонун баасы көтөрүлүүдө. Ошондон улам мен антимонополиялык комитетке, саламаттык сактоо министрлигине протоколдук тапшырма бергем. Бул маселени катуу көзөмөлгө албаса, дары мафиясы күчөп, эч кимге баш ийбей баратат. Психотроптук дарылар рецеби жок берилгендиги тууралуу Жогорку Кеңеште маселе көтөргөм, андай фактылар да далилденди. Бул боюнча саламаттык сактоо министрлиги катуу иш алпарышы керек. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер