Акыркы кабарлар
» Коом » 21 жаштагы келин поездде көз жарды
21 жаштагы келин поездде көз жарды
06-декабрь, 18:56

Казакстанда 21 жаштагы келин поездде көз жарды. Бул тууралуу Tengrinews.kz басылмасы жазып чыкты.Билдирүүгө караганда, 5-декабрь күнү поездде 2001-жылы туулган келин кыз төрөп, төрөттү поезд башчысы Индира Кульмаханова кабыл алган. Анын айтымында, компания «жумуштан ар кандай кырдаал болуп кетет» деп төрөт кабыл алууну дагы үйрөткөн. Ал поездде 17 жылдан бери иштейт.











