Биздин бактыбыз сыйкырдын айынан бузулду

Күйөөм мени төрт жыл бою чын дилинен сүйүп, чуркап жүрүп, чоң үмүт, аруу кыял менен баш кошконбуз. Үй-бүлөбүздүн башаты сүйүү аркылуу курулган. Башында баары жакшы болчу. Күн сайын боюма бүтөрүн күткөнбүз. Кудайга шүгүр, баш кошкондон кийин көп өтпөй кош бойлуу экенимди билдим. Күйөөм кубанып, күн сайын курсагымды өөп, балага ат коюп, келечекке пландарды кура баштаганбыз. Бирок ошол бакыт узакка созулган жок...
Кайненем жана ажырашкан кайын синдим тынч жашообузду бүлүндүрүштү. Келгениме үч ай болгондо үйдө уруш-талаш күчөп, мен аргасыздан ата-энемдин үйүнө кетүүгө мажбур болдум. Ошондон кийин күйөөм мени тааныбай калгандай болуп, таптакыр башка адамга айланды. Кечээ эле “жаным” деп турган адам бүгүн мени сөгө баштады. “Аборт кылдыр”, “өз жообуң өзүңдө”, “мага баары бир” деген сөздөр менен көңүлүмдү чөктүрүп, жүрөгүмдү тилип салды. Күндө ыйлайм, бир гана жообум – Алладан тилөө. Башка айлам жок.
Сыйкыр бар экенине жүз пайыз ишенем. Үйүбүзгө молдону чакыртканда, ал да “бул үйгө сыйкыр жасалган экен” деген. Ошол күндөн кийин баары өзгөрдү. Өзүм көрүп, сезип турам, төрт жыл жанымда болгон адам азыр бөтөнгө айланды.
Азыр ата-энемдин үйүндөмүн. Карып калган байкуштарым күйүттөн кыйналып жатышат. Алардын ыйлаганын, үмүттүү көз карашын көрүп, жандүйнөм ансайын тынчыбайт. Өзүмдү кайда батырарды билбей калдым. Эми эмне кылсам болот? Кандай жол менен үй-бүлөмдү сактап калам? Чын эле бул жашоону бузган сыйкырбы же тагдырбы? Бирок менин ичимде дале үмүт бар. Үмүт – ошол курсагымдагы наристеде...
Сайкал
"Азия Ньюс" гезити