70 градус ысыкта коронавирус активдүүлүгүн 5 мүнөттө жоготот

Анализге ылайык, коронавирус 4 градус жылуулукта көп убакытка чейин өлбөйт. Эгер дезинфекция жүргүзбөсө, мындай шартта 14 күн жашай алат.
Гонконг окумуштуулары коронавирус бөтөнчө активдүү болгон температураны аныкташты. Иликтөөнүн жыйынтыгы medRxiv порталына жарыяланды. Бул тууралуу "Спутник" жазып чыкты.
Ошол эле учурда COVID-19 жогорку температураны көтөрө албайт. 70 градус ысык болгондо вирус активдүүлүгүн 5 мүнөттүн ичинде жоготот.
Мындан тышкары, адистер вирус ар кайсы заттын үстүндө канча күн жашай турганын билип көрүшкөн. Ага ылайык, кагазда үч саат, кийимде жана кайра иштетилген жыгачта эки күн, айнекте төрт күн, пластикте жети күнгө чейин жашаган.
Окумуштуулар коронавирус медициналык масканын тышында жети күнгө чейин жүрө аларын белгилеп, аларды бат-баттан алмаштырып же дезинфекциялап турууга чакырган.