Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Курманбек Бакиевдин акталуусу граждандык согушка, мамлекеттин жок болуусуна жеткизеби?

Курманбек Бакиевдин акталуусу граждандык согушка, мамлекеттин жок болуусуна жеткизеби?

15-июль, 19:30
737 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Курманбек Бакиевди актоо аракети жанданып, коомчулукта каршы пикирлер арбый баштады. Бул көрүнүш кандай аяктайт? Дегеле Курманбек, Жаныш, Максим Бакиевдердин артын тазалоо менен эмне максатты көздөштү?” деген суроо таштадык.

Назгүл Мамытова, журналист:

-- Курманбек Бакиев деген – тирүүнүн өлүгү! Канчалык актоо же актануу аракети жүрбөсүн, ал тарыхта канкор бойдон жазылып, айтылып калат. Бийликтегилер Бакиевдердин үй-бүлөсүнө жакшылык кылууга ниеттенишсе катуу жаңылышат. Бирок кандай кылышпасын, арты жакшылык менен бүтпөйт го... Балким “Акаевдей кылып актап салалы” деп жатышкандыр. Бирок колдорунан келбейт. Курманбек Бакиевдин өз жерине келе албай жатканы эле чоң жаза да. “Тирүүнүн өлүгү” десек туура болот го. Азыркы бийлик биринчи Бакиевден башка маселелерин чечип алсынчы!

Алмаз Темирбек уулу, журналист:

-- Курманбек Бакиев баш болгон, анын иниси Жаныш Бакиев, баласы Максим Бакиев төш болгон өз элине кыянаттык, чыккынчылык кылып, жүздөгөн адамды атып, өмүрлөрүн кыйган, миңдеген адамдарды майып кылган канкорлорду миң түркүн амал менен мактап-жакташса дагы, эч качан акталбайт! Кайсы бийлик болбосун, “актайм, апапак кылабыз” десе жаңылышат. Бул клан Кыргызстанга келе турган болсо, түрмөнүн түбүндө чирий тургандар. Кан кечирбейт! Ушундай эле айтса жарашат.

Качкын Булатов, укук коргоочу:

-- Акыркы кезде Курманбек Бакиевди актоо ниетинде саткын, коомчулукка жат көрүнүш көргөзгөн кээ бир журналисттер мактаган материалдарды жаза коюп атышат, анын баары акчанын арты менен болуп атканы айтпаса да түшүнүктүү да. Бирок, элибиз Курманбек Бакиевдин кандуу окуясына чекит коё албайт. Анткени, анын “акталам” деген ниети бар өңдөнөт, бирок актала албайт. Себеби, Медет Садыркуловдун өлүмүнө Бакиевдердин түздөн-түз тийешелери бар экенин элдин баары билет. Канчалаган жарандарыбыз окко учту, канчоосу майып болуп калышты?.. Мунун баары унутулбай турган тарыхтын кара тактары эмеспи. Эгер Бакиевди бу жакка алып келүү аракеттери ишке аша турган болсо, анда Кырызстанда эбегейсиз чоң жаңжал чыгат. “Граждандык согуш чыгып кетпейт” деп ким кепилдик берет? Керек болсо, мамлекет катары жок болуп кетүү коркунучуна такалышыбыз мүмкүн. Аны актоого киришкендер от менен ойношпосун! 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер