Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бектуруш Салгамани, акын: “Алтын аттуу кызды 8-класста окуп жүргөндө түшүмдө көргөм”

Бектуруш Салгамани, акын: “Алтын аттуу кызды 8-класста окуп жүргөндө түшүмдө көргөм”

28-октябрь, 10:08
575 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-Бектуруш ага, көптөн бери көрүнбөй кеттиңиз, чыгармачылыкта да бир аз пауза болуп калды окшойт... 

-Менде эч качан дем алыш жок. Акыркы 20 жылдан бери гезит окубайм. Дегеле телевизор да көрбөйм, аш-тойлорго барбайм. Акчасын күн мурун берип коём. Себеби, беш-алты саат убактың жөн эле кетет. Алтыга чакырат. Той ээси өзү жетиде, тамада сегизде келет. Мен убадага такмын, алтыга чакырса алтыга барып алам дагы отура берем. Түн жарымда тарайсың. Эртеси ооруйсуң. Андан көрө китеп окуп, бир сап ырымды оңдоп алганым пайда деп эсептейм. Мага майрам күн деле жок. 

-Анда ушул жылдар аралыгында ырларыңыз жазылып атты да?

-Мени аз жазат дешет, бирок мен көп иштегендердин катарына кирем. Мисалы, мага эне жөнүндө бир идея келсе, аны ыр кылып жазбайм. Кагазга кара сөз кылып жазып коём. Анан мурунку апа жөнүндөгү ырларымды аңтарып-теңтерип, ошого кошом. Аз жазат дегени ушундан болуш керек. 

-Жаңыртып коёт турбайсызбы?

-Мурунку ырларымдын кемтик жерлерин толуктайм жаңы идеялар пайда болсо. Бардык ырларга жаңы идеяларды кошсоң болот. Чулу кылып бышырыш керек да. 

-2021-жылы чыккан “Аты жок китебиңизге“ кирген ырлар жаңы жазылганбы?

-Кийинки кездеги ырлар көбүнчө. Китептеримди жаңылай элекмин. Мен “Алтын арман” аттуу цикл жазып жүрөм. Бир кызга арнап бир жарым миң ыр жазып ийипмин. 

-Омор Султановчосунанбы?

-Аныкы алтымышка жетпеген эле ыр. Меники миң бир. Албетте, кошулчу жерлери бар. 

-Ошол китебиңиз окурмандар тарабынан абдан жакшы кабыл алынып, сыйлыка көрсөтүү боюнча да сөз болуп атты эле...

-Ошол жылы 31-декабрга чечилмек да. Бирок бийлик алмашып, ошону менен калып кетти. Арабаев универстети көрсөткөн болчу. 

-Ырды кандай учурда, кайсы жерде жазасыз?

-Вознесенский айткан болсо керек эле ырды бутум менен жазам деп. Ал эми образдуу айткан дечи. Басып-туруп, кыймылда жазам дегени да. Мен деле ошентип жазам. Бирок, менин бир өзгөчөлүгүм – азыр бир ой келсе дароо жазбайм. Жөн гана баракка кара сөз кылып түшүрүп коём. 

-- “Алтын арман” циклин жазып жүрөм дебедиңизби, Алтын – ойдон чыгарылган каарманбы, же реалдуу адамбы?

-Реалдуу адам, турмушта бар. Мен Алтын аттуу кызды 8-класста окуп жүргөндө түшүмдө көргөм. Төрт жарым жыл өткөндөн кийин университеттин даярдоо бөлүмүнө келип, ошол жерден жолуктурдум. Алиге чейин сүйөм. Мен ошол кызга арнап бир жарым миңге жакын ыр жазып ийген экенмин. Кыскартып-кыскартып, миң бир ыр кылып атам. Окшошторун бириктирип дегендей. Бир эле адам жөнүндө жаза бергенде мурунку айтылган ойлоруңду кийинкиде кайталап ийген жерлериң болот экен. Ошолордун баарын тыкыр карап атам. Лайли менен Мажнунду изилдеп көрсөм, Лайли жөнүндө 49 акын 49 ыр жазыптыр. А мен бир эле Алтын деген кызга миң бир ыр жаздым. Ушинтип айтсам Кудай алдында толук акыйкатты айткан болом. Ошол 49 акындын бири дагы Мажнунду жазбаптыр. Ошол сыяктуу мен жөнүндө да эч ким жазган жок Алтынды сүйдү деп. 

-Акыркы китебиңиздин атын эмне үчүн “Аты жок китеп” деп койгонсуз?

-Жакшы ой жүгүрткөн таланттуу адамдар чыгармасына да жакшы ат коёт. Өзүң деле дүйнөлүк авторлордун: Американын, Европанын, Япониянын акын-жазуучуларынын китептеринин аттарын карап көр, аттары оригиналдуу. Биздин кыргыздарга келсек, Чыңгыз Айтматовдун китептерин карап көр, “Кылым карыткан бир күн”, “Обон”. Кандай сонун! Төлөгөн Касымбековдун, Мурза Гапаровдун, Кубатбек Жусубалиевдин да китептеринин аттары сонун: “Сынган кылыч”, “Кел-кел”, “Кыштакча”, “Дарыялардын шоокуму”, “Күн авторпортретин тартып бүтө элек”. Ал эми гөрпай-шөрпайлар бирдекелерди эле чаптап ат коё берет. Мисалы, “Асылкан жараткан бийиктик”, “Сагыныч”, “Кусалык”. Эми мындай аттардын качан кутулабыз? Жадап бүтпөдүкпү эй! Кечке эле ушундай аттарды коё берелиби? Мен китепке ат коюшта жакшы ойлоном. 1985-жылы “Жаштар үнү” сериясынан “Үчүнчү коңгуроодон кийин” деген аталышта биринчи китебим чыккан. Өзүмө жагат. Эмне үчүн үчүнчү коңгуроодон кийин? Себеби, үчүнчү коңгуроодон кийин театрда сахналар ачылат, парда түрүлүп, оюн башталат. Мектептерде, окуу жайларда сабак башталат. Андан кийинки китептеримдин аттары деле өзүмө жагат. Мисалы, “Алыскы жылмаюнун жарыгы”, “Роман гезит”, “Сагынып жашайм”, “Сууга жазылган ыр”. 2021-жылы чыккан китебимди “Аты жок китеп” деп койдум. Себеби, мында бардык түрдөгү ырлар бар. Балладалар, поэмалар, кайгы, сүйүү, азап-тозок, жакшы көрүү, жаман көрүү – баардыгы аралаш. Ким өзү билгендей ат коюп окуй берсин. Мен китепке ат коюуда да өз алдынча болууну каалайм, бирөөнү туурагым келбейт. Кыргыз адабиятында жок аттарды ыйгаргым келет китебиме. Дагы бир китебим азыр басмада турат. Аты “Ак булуттар, кара булуттар, ала булуттар”. 

-Бир ырыңызда “Калп айтсам да адамдарга бир ирет, /Калп айтпадым сүйүүм менен ырыма деген саптар бар экен. Бул Алыкулдан таасирленүүбү?

-Алыкул качан жашады? Коммунисттик доордо жашады. Ал доор токсонунчу жылы өлүп бүткөн. Коммунисттик доор Ленин башында туруп алып, Кудайды жок деген. Туурабы? Биз жетимиш жыл Кудайсыз жашадык. Алыкул да ошол идеологияга таасирленип, “Кудайга миң мертебе калп айтсам да, ырыма бир мертебе калп айталбайм” деп жазган болсо керек. Муну коммунисттер атайын үлгү кылып колдонгон, мектептерде окутушкан. Бул ырды үлгү тутуп, кумир тутуп карашка болбойт. Алыкулдун бул ырын азыр окутканга мүмкүн эмес. Кудайга калп айта албайсың. Мен бул ырды жакшы ыр деп эсептебейм. Андан таасирленген да эмесмин. Мен Кудайдан корком. Кудайдын кулумун, Мухаммеддин үммөтүмүн. Мен сүйүүм менен ырыма калп айтпадым деп атам. 

-“Жаз дагы келди“ аттуу ырыңызда Түркүк болуп бу дүйнөгө, /Түк өлгүм келбейт, кысталак деп жалпы адамзатка мүнөздүү арман менен бөлүшөсүз. Жетимиш жаштын чокусуна өрдөп баратканда турмуштан алган башкы сабагыңыз эмне болду?

-Бу дүйнө кандай кооз, кандай көркөм! Эртең менен туруп таңды тосуп, асманды, жылдыздарды, адамдарды көрүп туруп, эч качан өлгүң келбейт да эй! Ошондон жазсам керек. 

-- Эмнеге өкүнөсүз?

-- Мен көп деле китеп чыгарган жокмун. Аларды бирөөлөргө өзүм белек кылам, бирөөлөр сатып алат. Мен бирөөнүн китебин окуп туруп жакшы-жаман экенин айтам. Бирөөнү бирөө мактаса да, сындаса да менин өз пикирим бар. Кимдин дарамети канча экенин өз алдынча тааныйм. “Китебиңди окудук” деп коюшат. Эки-үч жолу кече өткөрдүм. Эсенбай Нурушев, Сулайман Кайыпов, Бекташ Шамшиев, Лайли Үкүбаева, Жамгырбек Бөкөшов, Аскар Медетов, Болот Таштаналиев, Риза Савай, Сайрабүбү Исаевалар менин чыгармачылыгым жөнүндө доклад жасашты. Ошондон кийин “сен кыйын акын экенсиң, менде ошол китебиң бар, мен билбепмин” дешет да эй. “Жакшы” деп коюшат дагы унчукпайт. Кийин дагы бир жолукканда “баланча, түкүнчө сенин китебиңди, ырларыңды мактады. Ошондон кийин окусам чын эле жакшы экен” дейт. “Кыйын экенсиң” дейт. Мурун деле окуду да. Мен ушуга өтө жиним келет, капа болом. Адам өз алдынча ой жүгүртүп, өз алдынча билиши керек да. Качан Эшмат же Ташмат мактагандан кийин гана билиши керекпи? Ошолор да өздөрүн өтө кыйынмын деп ойлошот. Ушул өкүндүрөт мени. Дагы бир өкүнгөнүм – кийинки кездерде китептердин өтө көп чыгып атканы. Акчасы бары эле китеп чыгарып атат. Алтымыштан өткөндөн кийин пенсияга чыктым эми деп китеп жазгандар күйгүзөт. Азыр жүз китеп чыкса, мен ошонун бир-экөөнү ылгап гана сатып албасам, карабайм башкаларын. Менин адатым бар, эң акыркы ырын биринчи окуйм. Ыр китеп болсо эң акырынан, анан ортосунан туш келген жеринен бирди окуп көрөм. Ошондон эле билинет. Купулума толбосо окубай коём. Мактоо баракчаларды, төш белгилерди сатып алып, төштөрүн толтуруп жүргөндөр өкүндүрөт мени. Улуу адамдарды карасаң, мисалы, Айтматовдун көкүрөгүнөн кайсы төш белгини көрөсүң? Ал сыйлыктарын тагынчу болсо, күрмөсү далысынан бери толуп кетпейт беле...   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер