Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Садыр Жапаров: “Биздин жарандар казиного кире албасына мамлекет кепилдик берет”

Садыр Жапаров: “Биздин жарандар казиного кире албасына мамлекет кепилдик берет”

25-апрель, 16:25
315 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда казинолор ачылып калса, өзүбүздүн жарандардын кирбешине мамлекет 100 пайыз кепилдик берет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.

Журналист ага "казинолор ачылса чет элдиктер гана кирет дегенге коомчулуктун бир бөлүгү ишенбей жатат. Бул жагын кантебиз?" деген суроо берди.

"Ал мыйзам карала элек. Эгер өтүп калып, мыйзам ишке кирсе, он беш-жыйырма казинону көзөмөлдөй албасак, анда эмне деген мамлекетпиз? Биздин жарандар басып кире алышпайт. Анткени казино ээси лицензияны мамлекеттен бери дегенде эле бир миллион же бир жарым миллион долларга сатып алат. Эгер кыргыз жаранын ойнотуп жатып кармалса, ал казино лицензиясынан ажырайт деген норма бар. Ошон үчүн казино ээсине кыргыз жаранын киргизүү коркунучтуу"  деди Жапаров.

Андан тышкары, президент бардык жагынан УКМК менен ИИМдин кызматкерлери көзөмөлгө аларын кошумчалады. "Казиного кирген жарандарыбызды кармаса жоопко тартат. Биздин жарандар кирбесине мамлекет 100 пайыз кепилдик берет. Малайзияда казино бар. Өз жарандары кирбейт. Аларда да мыйзам ушундай деди өлкө башчы.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер