Чынара Мамажакыпова: “Президент мамлекеттен бөлүнүп калган 47 конуштун жерлерин мыйзамдаштыруу чечимин кабыл алды”

“Аярзат” коомдук бирикмесинин төрайымы, аялдар маселесин көтөрүп, чечип жүргөн элдин кызы Чынара Мамажакыпова президент Садыр Жапаровдун ишмердүүлүгү, бүгүнкү инвестициялык климат тууралуу пикирин бөлүштү.
“Эмнеге Садыр Жапаровду колдоп калдың?” деген досторго арналат.
Ачык эле айтайын, президент менин тууганым да, таанышым да, кошунам да эмес. Андыктан бул кошоматтык эмес, а болуп жаткан иштер. Калп десеңер, сөз аягында комментарийге оюңарды калтырып кеткиле.
Мен байкаган президенттин өзгөрүүгө карай жасап жаткан негизги өзөктүү кадамдары:
1. Президент Садыр Жапаров алгач эле бир да президент жасабаган Кумтөрдү колго алды. Мурда 10% пайда көрсөк, азыр өндүрүш 100% колдо турат. "Көчмөндөр мурасы" холдинги түзүлүп, дагы 32 кенди иштетүү планы турат.
2. Атамбаев баштап, Сооронбай Жээнбеков токтотуп койду делген түндүк-түштүк жолун кайра жандантты.
3. Айыл чарбаны өнүктүрүү үчүн 300 миң сомго чейин пайызсыз, ал эми 5 млн. сомго чейин 6% арзан кредиттер берилип баштады.
4. Орто Азияда Кыргызстан биринчи болуп Bayraktar пилотсуз учагына ээ болду.
5. Баткенге коңшулар кол салганда, кыргыз армиясынын абалы баарыбызды ойлондурду. Чек ара үчүн деп бийлик 55 даана "Тигр" унаасын алып келди. Дагы 2 млн. еврого тик учактар сатылып алынганы турат.
6. 30 жылда бир да президент өрт өчүрүү кызматын караган эмес. Садыр Жапаров жаңы 50 өрт өчүрүүчү унааны тапшырды.
7. Кыргыз тарыхында И.Раззаковдон башка эч ким темир жол салууга аракет кылган эмес, эгемен тарыхыбызда алгачкы жолу Балыкчы–Кочкор багытында темир жол салынып баштады.
8. Бир да президенттин тушунда социалдык кызматкерлердин айлык акысы көтөрүлгөн эмес. Садыр Жапаров 1-апрелден тарта баардык социалдык кызматкерлердин маянасын 50 пайыздан 100%га чейин көтөрдү.
9. Мамлекеттик ипотекалык кызмат ачылганы менен акчасы жок элдерге турак жай бере албай келген. Садыр Жапаров МИКтин ишин жандандырып, каржы булагын 8 миллиард сомго чейин жеткирүү планын койду. Алтургай өз үйүн да керекке жарасын деп МИКке бекер тапшырып берди. 2026-жылга чейин кезекте турган 25 миң жаранга үй берүү планы турат.
10. Чакан ГЭСтерди салуу боюнча тапшырма коюлуп, ушул жылдан тарта курулуш иштери башталганы турат.
11. Камбара-Ата ГЭСин аягына чыгаруу планы турат.
12. Туризм тармагын өнүктүрүү үчүн долбоорлор иштелип жатат, алгач эле Ысык-Көл аймагынын 5 жерине лыжа базаларын куруу чечими чыкты.
13. Бюджетте 30 млрд. сомго жакын дефицит бар болчу, азыр профицитке чыгып, казынанын кирешесин 200 миллион доллардан 400 миллион долларга жеткирүү планы турат.
14. Тышкы саясатты жөнгө салды.
15. Ар тараптуу тоскоолдуктарга карабай Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу баашталуу алдында турат.
16. Саясый эрктүүлүгүн көргөзүп, Кыргызстандын саясый курсун бурду. Мындан ары Сауд Арабия, Кытай, Индия багытында иштемей болдук. Бул экономика үчүн өтө маанилүү.
17. Коррупцияга каршы күрөшүүдөн 10 млрд. сомго жакын бөлүндү.
18. 20 жылдан бери үйдөн же чүйдөн жок, мамлекеттен бөлүнүп калган 47 конуштун жерлерин мыйзамдаштыруу чечимин кабыл алды. Жерине кызыл китеп алып жаткандар алигиче президентке ырахматын айтып, сүйүнүп бүтө албай жатышат.
(Бир нерсени унутуп кетсем дагы кошумчалагыла)
Эми ушунун баарын калп десеңер анда билбейм. Бир нерсени түшүнүү абзел, ар бир реформа акчаны талап кылат. Садыр Жапаровдун колуна экономикасы кайышып, казынасы какшып калган бийлик тийгенине жана азыркы дүйнөлүк кризиске карабай амбициялуу иштерди жасап жатканы эске алалы. Президенттин мындай жакшы иштерин, мисалы, мен колдогум келет. Анткени бул түйшүктүн баары Кыргызстаныбыз, мекенибиз үчүн жасалып жатат. Мен жазган тизмектеген иштерди башка президенттерден айырмаланып Садыр Жапаров 1 жыл 3 айда ишке киргизди.
Кээ бирөөлөр “айрым иштер грант, кредитке жасалып жатат” деши мүмкүн. Бирок ойлонуп көрөлүчү, 30 жылда 4,5 миллиард доллар карызга баттык, кайсы көрүнүктүү иш жасалды? Эмне деген акчаларды чиновниктер талап-тоноп жеп келечегибизге балта чапты. Тамырын жайган коррупциядан улам ушул күнгө жеттик го? 30 жылдык өмүрүбүздү уурдаттык го, же калппы? Анын артынан революциядан башыбыз чыккан жок. Бирок революция менен да биз алдыга кете алган жокпуз, тескерисинче, артка кеттик.
Мисалы, мен өзүм Кыргызстанга инвесторлорду тартуу жаатында иш алып барам. Кайсы инвестор болбосун, көбү Кыргызстанга келүүдөн коркушат. 100 киши менен сүйлөшсөм, 2-3 киши гана кепке келет. Анткени акча тынчтыкты жакшы көрөт, тынчтык болгон жерде бизнес да гүлдөйт, өлкө да өсөт. Андыктан баарыбыз келечек жөнүндө бүгүн ойлонушубуз керек. Эртең кеч болот.
Бак тиксең да аны сугарып, бутап, мөмөсүн күтөсүң. Ар бир иште убакыт керек. Президент Садыр Жапаров жакшы иштерди жасап жатат деп уялбай ачык эле айталам. Кудай буюрса өнүгөбүз. Сөздөн ишке өтөлү, мааниси жок сындарга терикпей, алдыга жылалы. Мамлекет баарыбызга керек!”