“Таза иштеген бийлик эч кандай оппозициядан коркпошу керек эле”


-- Ноябрь айында парламенттик шайлоо болору божомолдонуп, ага карата бийликчил гана талапкерлердин чыгары айтылып атат. Мындан ары Кыргызстанда оппозициялык күчтөр баш көтөрө албай калыштыбы?
Тазабек Икрамов, экс-депутат:
-- Тилекке каршы, элдин тандоосу ушундай өнүгүүдө. Эл колдоп-коргобосо кайдагы оппозиция болмок эле? Коомчулук коргоп турбаса, мамлекеттик машина тебелеп кете берет да. Сен чындыкты айткан менен колдоо таппасаң, жалгыз эч нерсе кыла албайсың. Эми жеке өзүмө келсем, мага тоскоолдук болбосо, буюрса, шайлоого катышууга ниетим бар.
Мавлян Аскарбеков, оппозиционер:
-- Мамлекеттин экинчи адамы, Жогорку Кеңештин төрагасы расмий түрдө шайлоо өз убагында өтөрүн эл алдында айткан. Көпчүлүктү анчалык алдоого жол бербейт деп күтө туралы. Акаев, Бакиев, Жээнбековдун бийликтен кетишинин негизги себеби парламенттик шайлоо эле. “Жалаң балдар-кыздарыбызды, өз кишилерибизди алып келебиз” деген аракет болгон. Азыркы бийлик алардын каталарын кайталашпайт деген ойдомун. Мамлекеттин келечегин, жоопкерчилигин алчу саясатчылар парламенттен тажрыйба алып, даярдалуусу зарыл. Президент 10-20-30 жыл алдыга ойлонуп, татыктуу кадрларды даярдоону колго алса. Конъюнктурага ылайыкташкан, кошоматчы, билимсиз, интриган эмес, улуттун, мамлекеттин келечегин ойлонгон, принципиалдуу, билимдүү, реформатор кадрларга шарт түзүү зарыл. Күчтүү адистер, саясатчылар гана мамлекетти өнүктүрүүгө алып барат.
Эл, мамлекет үчүн ачык, таза иштеген бийлик эч кандай оппозициядан коркпошу керек эле. Ал эми өнүгүү, атаандаштык үчүн конструктивдүү сын айткандар болушу шарт.
Мадин Итикеев, серепчи:
-- Эми шайлоонун табияты эгемендүүлүк алгандан бери бир башкача болуп калды. Негизи, демократиялуу өлкөдө жашап жатканыбыз чындык, бирок дайыма шайлоодо акчалуулар, тааныш-билиштери көптөр, калп айткандар, башкача айтканда, “обешалкиндер” басымдуу бөлүгүн түзүшөт. Ооба, сын айткандар боло келген жана чыга берет, бирок азыркы мезгилде билимдүү, күчтүү оппозиция жокко эсе, баш көтөргөндөрү булганып алгандар. Шайлоого алар да чыгышы мүмкүн, бирок эл алардын куру сөздөрүнөн чарчап калган. Ошондой “фальшивый оппозиционерлердин” айынан үч жолу революция болгонун акыркы 20 жылдык тарыхыбыз айгинелеп турат. Эгерде бийлик жакшы иштеп жатса, эл аларды колдоп тура берет. Азыр баары акылдуу эмеспи...
"Азия Ньюс" гезити











