Сузактагы массалык уулануу. Жалпы 124 адам кайрылып, 16 бейтап ооруканада жатат
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда сүннөт тойдон кийин массалык уулануу катталганы маалымдалды. Акыркы сааттарга алынган маалыматтарга караганда, жалпы 124 адам ооруканага кайрылган. Бул туурасында оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине байланышканыбызда белгилүү болду.
Маалым болгондой, медициналык жардам сурап кайрылгандардын ичинен 16сы ооруканага жаткырылды. Ал эми калганына тийешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.
“Этти 9-октябрда бышырып, даярдашкан. Эртеси күнү той өткөн. Меймандарга эт жана палоо берилген. Учурда уулануу эмнеден болгонун аныктоо боюнча лабораториялык экспертиза жүргүзүлүп жатат. Тийешелүү үлгүлөр алынган” дешти мекемеден.
Буга чейин Жалал-Абад облусунун Сузак районунда сүннөт той өтүп, андан кийин Бек-Абад айылынын 60 тургуну аймактык ооруканага барышканы кабарланган. Алардын ичинен бешөө алдын ала коюлган уулануу диагнозу менен ооруканага жаткырылганы айтылган.
"Азия Ньюс" гезити