Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Бийлик бизге “митингге чыккыла, көйгөйүңөрдү айтып алгыла” деп шарт түзүп берсе болмок”

“Бийлик бизге “митингге чыккыла, көйгөйүңөрдү айтып алгыла” деп шарт түзүп берсе болмок”

14-январь, 20:37
1 045 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Акыры бийлик оппозициялык маанайдагы саясатчыларды тынчытты. Эми бейөкмөт уюмдарды тазалоо аракети жүрүп жатабы? Келечегибизди кандай элестетебиз?

Качкын Булатов, укук коргоочу:

-- “Оппозициялык маанайдагы коомго таасирин берип аткан саясатчыларды чындап эле тынчытып атат” дегенге кошулса болот. Өмүрбек Текебаевдин алдын ала айтылган божомолдору эл арасында катуу талкууга алынып аткан кез. “Текебаев көрөгөч адам экен, баарын айтып коюптур” дешип. Кыргыз эли өзүбүзгө өзүбүз туура эмес кадамдарды жасайт экенбиз. Саясаттагы сабаттуулуктан дале болсо арыла турган түрүбүз жок. Башмыйзамга өзгөртүүнү, президенттик башкаруу жолун тандап алуу менен демократиялык баалуулукка байкабай балта чаап алгандайбыз. Ага кошул-ташыл авторитаризмге жол ачып аткан жокпузбу? Ушундай ой жаралат. Ошол эле авторитаризмдин туу чокусунда турган килейген Россия мамлекети учурда бычактын мизинде турат. Түркмөнстанды алалы, жыргап атканынан куурап атканы көп. Ал эми демократиялык баалуулуктарды карманган, адам укуктары тебеленбеген, сөз эркиндиги бар мамлекеттер экономикалык жактан күчтөнүүдө. Албетте, салыштырмалуу бизде оңолуу жок эмес, бар. Бирок, аны сактап калуу өтө кыйынга турат. Кыргыз эли боштондукту жакшы көргөн эл. Кайсы бир учурга чейин чыдап келип, көз ачып-жумгуча атырылып, вулканга окшоп жарылып кетишибиз мүмкүн. Менин байкашымча, бейөкмөт уюмдардын бир да зыяны жок. Муну президент Садыр Жапаров баардык жактан терең талдаса дейт элем. 

Адил Турдукулов, саясат талдоочу:

-- Чын эле саясый активисттерге, саясатчыларга, журналисттерге, бейөкмөт уюмдарга бийлик тарабынан көзөмөл бар экени сезилип турат. Мамлекеттин күчү туура эмес багытка жумшалып жатат деген ойдомун. Анткени, биздин өлкөдө үч революция болбодубу, анда бейөкмөт уюмдар эмес чынында репрессиялар, теңсиздик, коррупция жана үй-бүлөлүк башкаруу түрткү болгон. Бу жерде бейөкмөт уюмдары, сөз эркиндигинде алектенген журналисттер коомдогу терс көрүнүштөрдү айгинелеп айтып, революцияны же төңкөрүштү болтурбоо аракетинде бийликтин жогорку бутагындагыларга коңгуроо кагып, “эй, көзүңөрдү чоң ачкыла!” таризинде коңгуроо кагып турду. Өз убагында мындай нерселерге бийликтегилер тереңден маани берип, ыкчам түрдө чара көрүп туруусу кажет. Азыр да кеч эмес...

Рита Карасартова, укук коргоочу:

-- “Биз тынчыттык, тазалап атабыз” деп бийлик ойлойт. Бирок, ошол эле бийликке, алардын ишмердүүлүгүнө ар кандай пикир айтылып, талашып-тартышып, ички букту мейли Фейсбук баракчасынан болобу же көчө митингинен “мындай болуш керек, ал жарабайт!” деп ичке толгон букту чыгарып албаса, алар энергия катары топтоло берип, анан бир көз ирмемде жарылып кетиши мүмкүн. “Оппозициянын мизин майтардык. Бизге акаарат айткан сөз эркиндигин туу туткан журналисттерди, блогерлерди, жарандык активисттерди камадык. Эми биз жолубузду тазаладык. Кийинки шайлоого ойлонбой барсак болот. Андан кийин досум бийликке келет. Ошентип биз өмүр бою бийликтен кетпейбиз” дегенди буга чейинкилер деле кыялданып келишкен. Бирок, акырында кандай аяктаганын баарыбыз билебиз. Кыргызстандан жансоогалап качып кетишкендер да, ал арада камакка түшкөндөр да жок эмес. Ошон үчүн бийлик бир чымчым ойлоно турган кудурети болсо, тескерисинче, “митингге чыккыла, көйгөйүңөрдү айтып алгыла. Бизден кетип атса аны айткыла, биз угалы жана тийешелүү чараларды көрүп, жаралган маселени жеринде чечип берели” дешсе жарашмак...     


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер