Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Балбак Түлөбаев, ЖК депутаты: “Бишкекте троллейбустар калбашы керек”

Балбак Түлөбаев, ЖК депутаты: “Бишкекте троллейбустар калбашы керек”

29-октябрь, 08:00
1 067 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Балбак мырза, акыркы кездерде шаардагы коомдук унаалардын жол киресин көбөйтүү тууралуу сөздөр айтылууда. Кандай дейсиз, жол кире дагы кымбаттаганы туурабы?

-- Кеп нак эмес төлөмдөр тууралуу болуп атат. Мисалы, “Тулпар кард менен төлөсөң, жол кире 17 сом бойдон кала берет. Туркияда деле ошондой. Аларга 1997-98-жылдары эле кирген. Туристтер, сырттан келгендер картасы жок болсо көбүрөөк төлөшөт. Мэриянын аракети төлөмдөрдү системага алып келүү, чөнтөккө кете турган акчаларды бюджетке буруу. Мен колдойм муну. 

-- “Азыр шаарда жүрүп жаткан Кытайдын автобустарынын сапаты анчалык жакшы эмес, ошондуктан альтернативдүү варианттарын караш керек деген сунуштар айтылууда. Буга кандай дейсиз?

-Кытайда деле жакшы автобустар бар. Мисалы, Суракматовдун убагында ар бири 80 миң доллардан алып келинген Ютонг автобустары азыркыга чейин жүрөт. Ал эми Германиянын ошондой эле автобустары 150-180 миң доллар. Европаныкы, Японияныкы аябай эле кымбат. 

-Венгриянын икарустарычы?

-Алар асмандын башы. Ага биздин күчүбүз жетпейт. Бирок, Кытайда деле автобус чыгарган 4-5 завод бар. Эң жакшысы Ютонг. Ошон үчүн ала турган болсок сапатына карашыбыз керек. 

-Троллейбустар эми такыр жүрбөй калабы?

-Троллейбус калбашы керек. Жоготолу. Алардын ордуна электробустар келип атпайбы. Троллейбус шаарга жарабайт, ал бир жерден токтосо, артынан тыгын болуп, транспорттун баары үйүлүп калат. Аларды тейлөө да кымбат. Ошон үчүн троллейбустарды региондорго берип коёлуМисалы, Жалал-Абад, Талас, Нарын, Караколго. Свет кенен, тыгын аз. Жыргап жата беришсин...   

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер