Дарбыздын пайдасын жана зыянын билесизби?
Кандай пайдасы бар?
-- жүрөк кан тамыр жана бөйрөк ооруларына даба. Дарбызды көп колдонуу менен зааранын щёлочтуулугу жогорулап, натыйжада бөйрөктөгү чоң таштар да эрийт;
-- ичегинин жыйрылышына, холестериндин азайышына жардам берет;
-- дарбыздын курамындагы антиоксиданттар, минералдык заттар рактын алдын алат. Каротин заты көздүн көрүүсүн жакшыртат, фолий кислотасы болсо дененин нормалдуу өсүшүн жөнгө салат, теринин өңүн, тамак сиңирүүнү жакшыртат жана жаш энелерде сүттүн көп бөлүнүп чыгышына шарт түзөт;
-- кандын курамын жакшыртып, анын муундарга активдүү жылышын жөнгө салат;
-- подагра, анемия, ревматизм, гастрит, ашказан жарасы, жүрөк кемтиги оорулары менен натыйжалуу күрөшөт;
-- ич катууда таасири чоң.
Кандай зыяны бар?
-- дарбыздан көп түшүм алуу жана бат бышыруу үчүн ага азот жер семирткичтерин – нитраттарды кошушат. Бул ден соолукка байланышкан маселелерди жаратат. Ошондуктан олуттуу ооруларга кабылбоо үчүн 2 жашка чейинки балдарга дарбыз сунушталбайт. 2-3 жаштагыларга 80-100 грамм, 3-6 жаштагыларга 100-150 грамм гана берүү керек. Ошондо да сапаттуусуна көңүл буруп, мүмкүн болсо августтун аягында, сентябрдын башында берүү туура. Себеби, мына ушул убакта дарбыз толук бышып жетилет жана даамы да жакшы болот;
-- дарбызды башка тамактар менен аралаштырып жеген туура эмес. Мында ашказанда тамак сиңирүү жүрбөстөн, жеген тамактар кыжылдап, ичеги-карын ооруларына жеткириши мүмкүн;
-- көпкө турган дарбыздагы нитраттар нитритке айланып кетет. Натыйжада кан айлануу бузулуп, гемоглобинге терс таасир этет жана гипоксиянын өнүгүшүнө алып келет.
"Азия Ньюс" гезити