Суук кыштын ден соолукка пайдалуу жактары


Грипптин вирустары кургак абада жакшы өнүгөт. Ал эми кыштын келиши менен жылытуу тутуму берилгенде көпчүлүк үйлөрдө жана мекемелерде аба кургак болору анык. Ошондуктан, кыш мезгилинде адамдар сасык тумоого көп кабылышат. Бирок бул мезгилдин артыкчылыктары бар.
1. Уйкунун канышы
Денедеги клеткалардын калыбына келиши, гормондордун өндүрүлүшү жана башка маанилүү процесстер циркаддык ритмдерге түздөн-түз байланыштуу. Эгерде уктоочу бөлмө жарык жана жылуу болсо, анда сиз бул ритмдерге түшүп, терең уйкуга кирбейсиз. Ошентип, кышында бөлмө караңгы жана муздак болгондуктан, жакшы эс алсаңыз болот.
2. Салмак жоготуу
Кышында организмге суук тийбеши үчүн денедеги майды тезирээк энергияга айландырат. Андыктан, жайкыга караганда кышында сейил бакта чуркаган жакшы. "Cell Metabolism" журналында жарыяланган бир изилдөөгө ылайык, суукта 15 мүнөт машыгуу спорт залда бир саат машыгуу менен бирдей натыйжа берет.
3. Аллергиядан арылыңыз
Кышында чаң, чөп жана түрдүү аллергияны козгоочу заттар болбойт. Андыктан аллергиясы бар адамдар кышкысын эркин жүрө алышат.
4. Жакындарыңыз менен мамилени жакшыртуу
Узак кышкы кеч адамдар менен алардын жакындарынын ортосундагы байланышты чыңдоого жардам берет.
5. Мээнин иштешин жакшыртуу
Муздак аба туура ой жүгүртүүгө жардам берет: температура төмөн болгондо адамдар тапшырмаларды жакшыраак чече башташат. Андыктан кеңседе эч нерсе жасай албасаңыз, бир азга сыртка чыгыңыз.
6. Ооруну басуу
Кандайдыр бир жаракат алууда муз пакетин колдонуп көрдүңүз беле? Ошол сыяктуу эле кышкы аба булчуңдардагы жана муундардагы ооруну жана шишикти басат.
"Азия Ньюс" гезити











