Акыркы кабарлар
» Кеменгер кеп » Күзүндө иммунитет эмне үчүн төмөндөйт?
Күзүндө иммунитет эмне үчүн төмөндөйт?
29-октябрь, 18:15


Аба ырайынын өзгөрүшү, температуранын төмөндөшү жана күндүн нурунун азайышы күз, кыш мезгилинде иммундук системанын начарлашын шарттаган факторлор болуп саналат. Анын натыйжасында мурун жана тамак оорулары менен лорго (отоларингологго) тез-тез баруу башталат.
Күзүндө суук тийүүдөн кантип сактанса болот?
● Биринчи кезекте аба ырайына жараша кийиниңиз. Жайдагы аба ырайына көнө түшкөндүктөн, көпчүлүк жылуу кийим кийүүгө көңүл бурушпайт.
● Витаминдерди тамак-ашка кошуңуз. Мүмкүн болушунча жашылча, жер-жемиштерди күнүмдүк рационуңузда колдонууну көбөйтүңүз.
● Тынч, абасы таза жерде сейилдеп басыңыз.
● Физикалык активдүүлүктү көбөйтүп, жок дегенде эртең менен турганда жеңил көнүгүүлөрдү жасап, андан кийин күнүңүздү баштаңыз.
"Азия Ньюс" гезити











