Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Садыр Жапаров кыйын экен. Бакылдаган саясатчыларды кантип тынчытууда?

Садыр Жапаров кыйын экен. Бакылдаган саясатчыларды кантип тынчытууда?

21-апрель, 20:41
1 005 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Негизи Садыр Жапаров бакылдаган саясатчылардын жүзүн ачууга, оюндан четтетип салууга кыраакылыгын көрсөтүүдө. Реалдуу турмушта айла-амалды, айыгышкан күрөштү дагы ашкерелеп салды. Баракелде! Куру сөз эмес, азыноолак мисал келтирели. 

Өздөрүн акылдуу сезген бакылдак саясатчыларга бир катар жогорку постторду ыроолоду. Мисалы, Таалатбек Масадыков, Марат Иманкулов, Темирбек Асанбеков, Максат Мамытканов, Сыймык Жапыкеев ж.б. Булар тийешелүү кызматтарда иштей албасын көрсөтүштү. Элге жаман көрүнүүдө. Чыйпылдаган Сыймык төрт айга жетпей ыргып кеткен... 

Дагы бир топ “тыңчыкмалар” Садыр Жапаровду тоготушпай, ачуу тилдерин агытып турушту эле, алардын баарын камап, түрмөдөн түшүнүк берүү менен кайра чыгарып койду. Темир Сариев, Курсан Асанов, Равшан Жээнбеков, Абдил Сегизбаев, Жеңиш Молдокматов, Бакыт Калмаматов ж.б. Булардын ичинен “сынганы”, түрмө түйшүгүнө чыдаганы да бар. Эң башкысы, абактан кийин баштагыдай президентке асылбай калышты. (Бир гана Равшан мырза моюн бербей өжөрлөнүп келатат).

Андан ары дагы өрлөсөк, алчы-таасын жеген Өмүрбек Текебаевге элчилик креслону карматып, Германияга айдап ийди. “Концлагерди эстеп жүрсүн” деп. 

Адахан Мадумаров баштагыдай “маарай” албай, “кыңк” этсе эле жаш депутаттардан тил угуп, шаабайы сууп аткан чагы. Парламенттен “тай букалар” жарга такай эле сүзүп атышат. Бүйүр кызыткан ыкма бекен?

Баса, айрым эрдемсиген “маслократ ишмерлердин” уят видеолору боюнча органдар эскертүү беришкен. Бир катары жылаңач денелерин, салаңдаган курсактарын элге көрсөтүүдөн айбыгышып, кол көтөрүп беришкенин билебиз. 

Бирок, учурда да тынчыбаган оппозиционер болумуштар булкунуп чыгышууда. Жакында алардын айрымдары камалышабы? Мыйзам алкагында жоопкерчиликке тартуу маселеси каралып атыптыр. А абакка илинбеген куйтуларды эмне кылуу керек? Даяр ыкма бар, журналисттер, жазмакерлер аркылуу чүнчүтө баштаса жарашат. Кыскасы, бийлик үчүн күрөштүн түрдүү ыкмалары колдонулуп, тирешүүнүн жаңы үлгүлөрүн көрөт окшойбуз. Соңунда Батыштын миллиондору үчүн кара пиар жасашкан, удургушкан шылуундарды кантип жазаласа болот? Адамдан айла качып кутулабы? Күн тартибиндеги маселе ушул... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер