Аял канчалык сулуу болсо, эркектин акчасы ошончолук бат түгөнөт


Жашоо – оюн, акча – эсептешүүнүн ыкмасы.
(Тед Тернер)
Карызын кечиктирип төлөгөн киши эч качан эки ирет төлөбөйт.
(Англис накылы)
Акчаны тапканга караганда да сактаган кыйын.
(Мишель де Монтень)
Эгер көйгөй акча менен чечилсе, ал маселе эмес.
(Харви Маккей)
Акча кирпи сыяктуу, аны кармаш оңой, бирок кармап туруу кыйын.
(Клавдий Элиан)
Акча эч кимди акмак кылбайт, ал акмактын жүзүн гана көрсөтөт.
(Фрэнк Хаббард)
Адегенде төлө, анан эстен тана бер.
(Станислав Ежи Лец)
Акча жыйноо – эрдик, сактоо – даанышмандык, акыл менен пайдалана билүү – искусство.
(Луций Анней Сенека)
Бизнесте сен же акча аласың, же тажрыйба аласың. Тажрыйба ал, акча өзү келет.
(Гарольд Дженин)
Кадыр-барк деле акча сыяктуу: аны табыш оңой, сакташ кыйын.
(Сэмюэл Батлер)
Социалисттер “киреше алган күнөө” дешет. А мен “чыгым тарткан күнөө” деп эсептейм.
(Уинстон Черчилль)
Акчалуу кишилер бар, анан бай кишилер бар.
(Коко Шанель)
Акча эч качан таза болбойт.
(Пабло Эскобар)
Акча жыргал эмес, ошол акчага бирдекелерди сатып алган жыргал.
(Мэрилин Монро)
Айлыкты иш берүүчү төлөбөйт, ал акчаны гана жөндөйт. Айлыкты кардар төлөйт.
(Генри Форд)
Үч ишенимдүү дос бар: улгайган аялың, картаң итиң, анан нак акчаң.
(Бенджамин Франклин)
Эгер шамал сен жакты көздөй согуп жаткан болсо, акчаны шамалга сапырсаң деле боло берет.
(Мэрилин Мэнсон)
Согушка дайыма акча бар. Ал эми тынчтык менен адамдарга акча эч качан табылбайт.
(Дэвид Айк)
Эгер бакыт акчада эмес болсо, анда акчаңарды кошунаңарга берип салгыла.
(Жюль Ренар)
Акча түгөнгөн кезде бирдеке башталат.
(Геннадий МОСКВИН)
Согуш жүргүзүш үчүн мага үч нерсе керек: биринчиден, акча керек, экинчиден, акча керек, үчүнчүдөн, акча керек.
(Наполеон I Бонапарт)
Адам акчаны өзгөртөт, акча адамды өзгөртөт.
(Константин Семёнович Мелихан)
Акча бакытка кепилдик бербейт, бирок баш ооруга негиз түзөт...
(Чак Норрис)
Өз акчаңа март, казынанын акчасына сараң болуш керек.
(Фёдор Фёдорович Ушаков)
Акча планетаны жеп салды.
(Сергей Григорьевич Губерначук)
Проблема кара икра сатып алганга акчаң болушунда эмес, анын даамын тата, сезе билүүдө.
(Андре Моруа)
Реформа акча түгөнгөн жерден башталат.
(Борис Ефимович Немцов)
Жакшы продукты жасасаң, акча өзү эле келет.
(Джон Айв)
Акчам бар кезде мен айбан болчумун.
(Майк Тайсон)
Досторуңдун 99 пайызы акчаң менен кошо жок болот.
(Франческо Петрарка)
Эгер мага мамлекеттин акчасына көзөмөлдүктү берсеңер, бул өлкөдө мыйзамды кимдер жазганы мени кызыктырбай калат.
(Амшель Ротшильд)
Кээ бир кишилер акча сыяктуу: келишет да кетишет.
(Андрей Рыбинский)
Акча – шайтандын богу.
(Габриэль Гарсиа Маркес)
Убакыт – акча. Чалдардын баары – банкрот.
(Аркадий Филиппович Давидович)
Ачкөз кишини акча тойгузбайт, дүүлүктүрөт.
(Публий Сир)
Акылдуу киши акчаны жүрөгүндө эмес, башында сактайт.
(Джонатан Свифт)
Адамды сөйкө эмес, акча сулуу кылат.
(Мадонна (ырчы)
Азыр Кудайга ишенгенге караганда да акчага ишенгендер көп.
(Александр Минченков)
Акчанын артынан кууган жашоо – бул өлүм.
(Альбер Камю)
Акчасыз жашаш үчүн да акча керек.
(Оноре де Бальзак)
Байлар акчаны чачып жаткандарын көрүп, аларга эч кандай жардам бере албасымды ойлогондо аябай кейип кетем.
(Пьер Данинос)
Акча дайыма бар, чөнтөктөр гана алмашып турат.
(Гертруда Стайн)
Акылдуу акчаны акылы менен тапса, даанышман акылында табат.
(Андрей Гарольдович Кнышев)
Мен акчаны жакшы көрөм. Себеби, акчага жазуучулук үчүн бош убакытты сатып алсаң болот.
(Харуки Мураками)
Акчага сатып алган сыйлык түккө да арзыбайт.
(Чак Паланик)
Таңкалычтуу парадокс: адамдар акчасынан айрылганга караганда, жанын курмандыкка чалганды артык көрүшөт.
(Ален)
Акча адамды бузса, инфляция акчаны бузат.
(Борис Юзефович Крутиер)
Акча салсаң сүйүүнүн оту алоолонуп күйөт.
(Константин Семёнович Мелихан)
Аял канчалык сулуу болсо, эркектин акчасы ошончолук бат түгөнөт.
(Максим Звонарев)
Акчаны чачпагыла, айлана-чөйрөнү сактайлы!
(Геннадий МОСКВИН)
Мамат Сабыров
"Азия Ньюс" гезити











