Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Саясый партиялардын баары акыр аягында өзү айткан калпына какап-чакап өлүшөт

Саясый партиялардын баары акыр аягында өзү айткан калпына какап-чакап өлүшөт

11-октябрь, 18:52
865 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Калпты дайыма куулук коштоп, жандап жүрөт.

(Джон Локк)


Калп айтканыңа кийин өкүнүп калышың мүмкүн, бирок калп айтпаганыңа эч качан өкүнбөйсүң.

(Мартен дю Гар)


Эң таасирдүү калп – бул чын фактыларга негизделген калп.

(Сергей Лозунько)


Таза, бейкүнөө кишилердин ишээнчектиги – калпычылардын башкы куралы.

(Стивенг Кинг)


Калп кыска убакытка пайдалуу болушу деле мүмкүн, бирок, канча бир мезгил өткөн соң баары бир зыяндуу болуп чыгат.

(Дени Дидро)


Биз калп айтпаган кишиге эмес, калпты чындай кылып айткан кишиге ишенебиз.

Ачуу чындыкты биз арзан арак менен, ширин калпты болсо кымбат коньяк менен ичебиз.

Чыркыраган чындык карандай калп сыяктуу эле олдоксон.

Калпты ишенимдүү кылып айтыш үчүн чындыкты жакшы билиш керек.

(Стас Янковский)


Мен 40 жылдын ичинде көргөн миңдеген кылмышкерлердин бир окшоштугу бар эле: алардын баары калпычы болчу.

(Джон Эдвар Гувер)


Калп дайыма жылан сыяктуу ийрелеңдейт, ал эч качан түз жүрө албайт, же сойлойт, же бир орунда оролуп жатат. Качан өлгөндө гана түзөлөт.

(Мартин Лютер)


Адилетсиздик эки жол менен ишке ашат: же өкүмзордук менен, же калп аркылуу.

(Марк Туллий Цицерон)


Мен эч качан жүрөгүм менен калп айтпайм.

(Сергей Есенин)


Чоң, ири сандар дайыма калп айтат.

(Джонсон Сэмюэл)


Мен калпка каршы деле эмесмин, бирок так эместикти жаман көрөм.

(Сэмюэл Батлер)


Калп күчкө толушу мүмкүн, бирок ал эч качан чындыкка айлана албайт.

(Рабиндранта Тагор)


Саясый партиялардын баары акыр аягында өзү айткан калпына какап-чакап өлүшөт...

(Марк Твен)


Эркекке калп канчалык зарыл экенин аялдар менен врачтар гана билишет.

(Анатоль Франс)


Тарых – бул калп, бирок баары ага макул.

(Вольтер)


Калп – бул аракечтик сыяктуу. Калпычылар өлүп баратып да калп айтышат.

(Антон Чехов)


Мышык чычканды кармагысы келгенде өзүн чычкан кылып көрсөтөт.

(Василий О.Ключевский)


Базар – бул адамдар бири-бирин алдашсын үчүн атайылап уюштурулган жер.

(Анахарсис)


Нукура чындык эч качан чындыкка окшошпойт. Аны чындыкка окшотуш үчүн бир аз калп кошуш керек. Адамдар дайыма ушинтип келишкен.

Жер жүзүндө жашап, бирок калп айтпай коюу мүмкүн эмес. Турмуш менен калп синоним сөздөр.

(Федор Достоевский)


Дагы жакшы, калп айтканга салык жок. Болбосо элдин баары жардыланып, итке минип калышмак.

(Денис И.Фонвизин)


Калп! Калп айткан өзүмдү эмес, мени калп айтканга аргасыз кылган сени жек көрөм.

(Марина Цветаева)


Акыл-эс жүрөктүн ролун көпкө ойной албайт.

(Франсуа де Ларошфуко)


Калп – кулдардын энчиси, эркин адамдар чындыкты айтууга тийиш.

(Мишель Де Монтень)


Мен Джордж Вашингтонго караганда кыйла бийик, принципиалдуу адам экенмин. Ал “калп айта албайм” дейт, мен болсо “калп айтпайм” дейм.

(Марк Твен)


Эркектер баатыр, эр жүрөк, бирок, аялдарга салыштырмалуу аларды алдаган оңой.

(Агата Кристи)


Калпычы киши унчукпай турса деле ишенбеш керек.

(Алишер Навои)


Биз аз нерсени билебиз, начар окуйбуз, ошон үчүн калп айтканга аргасызбыз.

(Фридрих Ницше)


Элди алдап башкаргысы келгендер гана калктын караңгы болушун каалашат.

(Наполеон Бонапарт)


Сүрөтчүлөргө “калп айтпа, андан көрө ойдон чыгарбайсыңбы” деп айткың келет.

(Станислав Ежи Лец)


Алданып көрбөгөн киши бакыт эмне экенин билбейт.

(Альберт Эйнштейн)


Эгер маектешиң “чын айтып жатам” деп кайра-кайра белгилесе, анын калп айтып жатканына эч шексинбесең болот.

(Бертран Рассел)


Алдасаң да товардан эмес, баадан алда.

(Бальтасар   Грасиан-и-Моралес)


Эгер бул туура эмес болсо, кылбай эле кой. Эгер бул жалган болсо, айтпай эле кой.

(Марк Аврелий)


Соода – бул алдоонун мектеби.

(Воверанг   Люк де Клапье)


Эң чоң калп мүрзөнүн үстүнө коюлчу ташка жазылат.

(Томас Р.Дьюар)


"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер