Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кудай сени жаман аялдардан сактасын, жакшыларынан өзүң сактан...

Кудай сени жаман аялдардан сактасын, жакшыларынан өзүң сактан...

18-январь, 17:00
1 154 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Биздин трагедиябыз ушунда: бирөөнүн кемчилигин өзүбүздүн артыкчылык катары ойлойбуз.

Кудай сени жаман аялдардан сактасын, жакшыларынан өзүң сактан...

Келесоону аргумент менен эмес, факты менен гана жеңесиң.

Эгер турмушуң жакшы жагына өзгөрбөсө, бир аз чыдай тур, ал жаман жагына өзгөрөт.

Шарап кирген жерден сыр чыгат.

Аз акы сурап, чоң убада берген кишиден сак бол.

Жардылык уят эмес, бирок жардылык жөнүндө мындан башка жакшы сөз айта албайсың.

Эгер адамдар башкалар ал жөнүндө эмне ойлогонун билгенде бири-бирин кырып салышмак.

Эки жамандыктын бирин тандаш керек болсо, пессимист экөөнү тең тандайт.

Эгер ажалың жетпесе, сени доктор да өлтүрө албайт.

Дүйнө адамдар көп болгонунан эмес, жаман адамдар көптүгүнөн кыйрайт.

Сиздин башкалар тууралуу пикириңизди угуп, башкалардын сиз туралуу пикирин билебиз.

Кудай адамдын жүрөгүн жексен кылгысы келгенде ага акылды көп берип коёт.

Армандуу дүйнө: бирөө “эмне үчүн алтын-күмүшүм аз” деп кейисе, бирөө  “сорпомдо буурчак аз го” деп кейийт.

Сага карап жылмайып турганда да мезгилден коркуш керек.

Аялдар унчукпай турганда деле калп айтат.

Эгер колуңан китеп менен алтын түшүп кетсе, оболу китепти ал.

Ар бир адам алфавиттеги тамга сыяктуу, сөз куроо үчүн аларды бири-бирине кошуш керек.

Кудай менен сүйлөшүп жатып аялдар жөнүндө ойлогондон көрө, аялдар менен сүйлөшүп жатып, Кудай жөнүндө ойлонгон жакшы.

Жакшы сүйлөгөнгө караганда, жөн эле унчукпоо кыйын.

Адам картайган сайын начар көрө баштайт, бирок көптү көрөт.

Эч ким сүйбөгөн кишиге кыйын эле, бирок сен элдин баары сүйгөн кишиден этият бол.

Эгер күйөөң төшөгүңө башка аялды жаткырган болсо, аны кечирип койсоң деле болот, бирок төшөгүң эми эч качан мурдагыдай жылуу, жумшак болбойт.

(Еврей макалдары)


Аялдын колундагы камчы камчы эмес.

Ачкөздүн түшүнө алтын кирсе, ачканын түшүнө нан кирет.

Жаш аял – картаң күйөөгө душман.

Аялы менен күйөөсү түн киргенче гана чырдашат.

Бакыт бүгүн жок болсо, эртең табылып калаар.

Күн сокурга көрүнбөсө да желкесин жылытат.

Биздин чатырда да майрам болот.

Кызда абийир, аялда берилгендик болушу керек.

Эгер аарылар чакпаганда бал мындан да таттуу болмок.

Бирөөнүн аялы жүз бочке виного караганда да даамдуу.

Жигиттин тили – бал, күйөөнүн тили – уу.

Жинине тийсең көгүчкөн деле чокуп алат.

Сүйгөн аялың эч качан картайбайт.

Ажаан аял менен жашасаң, өзүң да ажаан боло баштайсың.

Адамдын баарынын сөөгү ак, каны кызыл.

Орустун Машасы жакшы, бирок цыгандын Машасына жетпейт.

Падышалар күчтүү, бирок алар күндү колу менен калкалай алышпайт.

Жаман аял күз сыяктуу жаанчыл, кыш сыяктуу суук.

Кудай акыл берсе, шайтан куулук берди.

Жакшы күйөө ата-энеңен да кымбат.

Кызды чалга берген күндөн балээ башталат.

Келесоо кызга үйлөнгөн жигит келесоого айланат.

Атың өзгөрсө өзгөрсүн, адамдык затың өзгөрбөсүн.

(Цыган макалдары)


Эшектин бактысы ушунда: өзүнүн эшек экенин билбейт.

Душман качкан кезде баатыр көбөйөт.

Ачкөз кишиге мүрзө да тар көрүнөт.

Сенин табагың жок жакка кашыгыңды сунба.

Бир жакшы кыз эки жаман уулга тете.

Тил менен сепилдин эшигин ачса болот.

“Күйөөгө тийем” деп камданып калган кызды токтотконго караганда, жаай турган жамгырды токтоткон жеңил.

Эшекке ээр жарашпайт.

Бака да “менин сазым баарыныкынан чоң болсо” дейт.

Тойго келген конокторуңа карап “досторум көп экен” деп ойлобо.

Эгер адамды жакшы биле элек болсоң, мактаба да, тилдебе.

Досун саткан адам өзүнө душман тапты.

Туурук кол кайыр-садага сурабайт.

Жакшы адамдын өчүн Кудай алып берет.

Кайгы көрбөгөн кубаныч деле көрбөйт.

Корккон ит жылдызды карап үрөт.

Товары начар сатуучу таттуу сүйлөйт.

Ынтымактуу үй-бүлөгө байлыктын кереги жок.

Тиштин кадырын картаң чалдан сура.

Жакшы тарбия – тагдырдын жарымы.

Ток киши “жолдошторум да ток” деп ойлойт.

Ачуусу келгенде унчукпай калган аялдан корк.

(Абхаз макалдары)


Мамат Сабыров 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер