Энергияны карызга аласың. А төлөмү сенин ден соолугуң...


16 жаш.
Күнүнө 3 банка энергетик – “баарына жетишиш үчүн”.
3 айдан кийин:
-- уйкусуздук;
-- паникалык кармоо;
-- жүрөк тынчыбай согот.
Диагноз: чарчоо жана нервдик бүдөмүк абал.
Баары жөн гана чарчоодон башталган. Энергетик энергия бербейт. Ал бак бош болсо да газды баса берет.
Бир банканын ичинде эмне бар?
-- кофеин: Red Bull (250 мл)=80 мг; Monster (500 мл)=160 мг. Жаштар үчүн коопсуз доза – 100 мг/күн. Кант – суткалык нормадан ашат. Таурин, гуарана – пайдасы далилденген эмес. Витаминдер жетишсиз же жок.
ДССУ эскертет:
Энергетик ичкен өспүрүмдөрдүн 68%ы тынчсыздануу, уйкусуздук, баш ооруу, жүрөк ритминин бузулушунан жабыркайт.
Калгари университетинин изилдөөсү (2021):
Энергетик ичкендер жүрөк оорусуна эки эсе көп кабылат. Тынчсыздануу 66% көп, уйкусуздук 55% көп катталат. Эң коркунучтуусу – көнүп каласың. Эки жума өткөндөн кийин таасири азаят. Таштагандан кийин баш ооруйт, энергия жок, көңүл чөгөт.
Чарчоо – бул табигый.
Жандандыруунун чыныгы жолу: уйку, суу, кыймыл, туура тамактануу, эс алуу. Сен батарейка эмессиң. Адамсың. Энергия керекпи? Өзүңдү кыйнабай, калыбына келтир.
Бул постту сактап кой. Иниңе, окуучуңа же досуңа жибер. Ден соолук кээде заматта кетпейт, бир ууртамдан жоголот.
"Азия Ньюс" гезити











