Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акыркы кездерде абийирдин рейтинги аябай төмөндөп кетти...

Акыркы кездерде абийирдин рейтинги аябай төмөндөп кетти...

18-июнь, 22:51
495 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эркиндик деген эмне? Таза абийир.

(Периандр)


Менин абийирим таза, болгону бир аз жуулуп-тазаланган.

(Андрей Кнышев) 


Түндөсү баардык жериң ооруйт. Өзгөчө абийириң.

(Фаина Раневская)


Таза абийир эстутумуң начар экендигинин бир белгиси.

(Михаил Жванецкий)


Кадыр-барк жөнүндө эмес абийир жөнүндө ойлош керек.

(Публий Сир)


Таза абийир жалгандан да, ушак-айыңдан да коркпойт.

(Публий Овидий назон)


Уят – бул адамдардан коркуу, абийир – Кудайдан коркуу.

(Самюэл Джонсон)


Абийири жок элдин жаны жок. Жаны жок эл жашай албайт.

(Уинстон Черчилль)


Көзүн ала качса кээ бир кишилер абайири таза эмес экен деп ойлошот. Бирок, жеткен шүмшүктөр адамды көзүнө тик карашарын эстен чыгарбаш керек.

(Агата Кристи)


Баарын угуп, бирок өзүңдүн абийириңе гана кулак салыш керек.

(Александр III) 


Абийирине доо кеткен адамдарды караган таяк жеген кишилерди карагандан да оор.

(Юлиус Фучик)


Жаш кезде абийир кыйнабайт.

(Уильям Шекспир) 


Абийириң таза болсо жашооң таттуу болот.

(Григорий Саввич Сковорода) 


Анын абийири таза. Дегеле колдонулган эмес.

(Станислав Ежи Лец) 


Эң башкы сыймык, көрк – бул таза абийир.

(Марк Туллий Цицерон) 


Боор цирроз болсо айыгат деп айтышат. Бирок, абийириң жараланса айыкпайт го…

(Марк Аврелий) 


Мерез кишинин уятын ойготуш үчүн бетке чабыш керек.

(Аристотель) 


Таза абийир – эң сонун уктаткыч.

(Джозеф Конрад)


Абийирин жоготкон киши баарын жоготот. 

(Голда Меир) 


Абийир маселеси көпчүлүк добуш менен чечилбейт.

(Махатма Ганди) 


Абийир менен жан адамга бир жери ооруп турсун үчүн берилген.

(Геннадий МОСКВИН)


Абийир – бул адамда Кудай болгону.

(Эммануил Сведенборг)


Акыркы кездерде абийирдин рейтинги аябай төмөндөп кетти.

(Андрей Гарольдович Кнышев)


Сени үч нерсе карап турат: жогорудан Кудай, ичиңен абийириң, сырттан адамдар.

(Бахтияр Мелик оглы Мамедов)


Абийир – адамдын айбандан айырмачылыгынын далили.

(Анатолий Протопопов)


Абийир сакал сыяктуу мезгили келгенде өзү эле пайда болуп калбайт. Ага ээ болуш үчүн бир аз тажрыйба керек.

(Рюноскэ Акутагава) 


Өмүр бир эле жолу берилген сыяктуу абийир да адамга бир эле жолу берилет.

(Александр Исаевич Солженицын)


Абийир күнөөдөн сактай албайт, бирок ырахаттанууга жолтоо болот.

(Гай Юрий Орловский)


Мен абийир эркиндигин жактайм, бирок абийири жок эркиндикке каршымын.

(Валентин Михайлович Фалин)


Абийир менен жашап көргүлө. Адегенде бир аз кыйналасыңар, бирок бара-бара өзүңөрга да жага түшөт.

(Владимир Рудольфович Соловьёв) 


Адам абийири менен жашаган учурда башкалардын пикиринен көз каранды болбойт.

(Джулиана Вильсон)


Эгер элдин баары абийири менен жашаса, анда баары тапканы менен эле жашап калышат.

(Геннадий МОСКВИН)


Абийир жарганат сыяктуу: күндүзү уктайт дагы түндөсү болсо канаттарын каккылап, сенин каныңды сормокчу болот.

(Дмитрий Пашков)


Ушактан баары коркушат, абийирден болсо аз эле киши коркот.

(Гай Плиний Цецилий Секунд (Кенже Плиний)


Убадага туруш үчүн жакшы эстутум гана эмес, абийир да керек.

(Теодор Бер)


Абийир – жүрөктүн адептик кеңешчиси.

(Сэмюэль Смайлс)


Абийирди жоготуу менен биз өзүбүздү да жоготобуз.

(Татьяна Егоровна Соловова)


Абийир – мыйзамдардын мыйзамы.

(Альфонс де Ламартин) 


Мамат Сабыров 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер