Кадимки бака жалбырактын чоң дарылык касиети бар

Биз көрүп жүргөн бака жалбырактын көп кырдуу дарылык касиетине токтололу. Ал суук тийгенге каршы жана жараны эрте айыктыруучу касиетке ээ.
Кадимки өпкө оорусунун айыгышына да чоң жардам берет. Бака жалбырактын суудагы демделмеси жана кайнатмасы дем алуу органдары ооруган учурда (өзгөчө бронхитте, кургак учукта) какырыкты жумшартып чыгарып, дем алууну жеңилдетет.
Ичеги-карын катуу сезгенгенде, гастритке колдонсо да оң натыйжа берет. Андан сырткары, согончоктун чоруна, кесилип кеткен жаратына бака жалбыракты тартса айыгуусуна көмөктөшөт. Бул дарылык касиети бар чөптү жазы жалбырактуу чоң жалбырактарынан гүлдөй элек кезинде кесип алып, салкын, күн тийбеген жерде кургатып алса болот.
Колдонуу ыкмасы: кургатылып, майдаланылган бака жалбырактан 1 аш кашык алып, аны 1 стакан кайнак сууга 15 мүнөт демдеп, күнүгө тамак ичээр алдында 3 аш кашыктан ичүү керек.
"Азия Ньюс" гезити