40 жаш – жашоонун жаңы барагы


Бул куракта күч да, акыл да, тажрыйба да өзүңдө болот. Эми тандоо сенин колуңда. Ден соолугуңду сактап, күчтүү жашоо, же оорулар менен жашоого аргасыз болуу. Чыныгы эркек – ден соолугун биринчи орунга койгон адам.
-- зыяндуу адаттар жок;
-- ашыкча салмак жок;
-- “жаш эмесмин” деген шылтоо жок.
Күчтүү эркектин бир күнү кандай болот?
Эртең менен сергек туруп, таза абада дене тарбия менен баштайт. Шашпай, пайдалуу тамактанып, организмин энергияга толтурат. Иш күнүндө көңүлү бөлүнбөй, максаттуу иштейт. Кечкисин балдары менен ойноп, үй-бүлөсүнө убакыт табат. Спортту да күнүмдүк жашоосунун бөлүгү кылат. Кечки эс алуу – ыраазычылык менен өткөн күндөн канааттануу.
40 жаш – денеңди эмес, мүмкүнчүлүктөрүңдү чыңдоо мезгили. Бүгүнкү аракет – эртеңки ийгилигиң. Анткени сен жакшы түшүнөсүң, ден соолук – бул жөн эле сенин эмес, үй-бүлөңдүн, бала-чакаңдын жана коомдун алдындагы жоопкерчилигиң. Сен күчтүү болсоң, үй-бүлө бекемделип, коом өнүгөт.
Мен дарыгер катары сунуштайм: жыл сайын толук текшерүүдөн өт. Витамин Д, ферритин, магний жана кандагы кант деңгээлин көзөмөлдө. Ден соолук үчүн спортту күнүмдүк адат кыл. Уйкуну жана тамактанууну жакшырт. Стрессти башкарганды үйрөн: сейилдөө, дем алуу көнүгүүлөрү, жакшы эс алуу.
Ден соолукка кам көргөн эркек – өзү да жеңет, үй-бүлөсүн да жеңишке жеткирет.
Эрмек Исмаилов
"Азия Ньюс" гезити











