Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акылмандыгы менен аңызга айланган - Байзак баатыр

Акылмандыгы менен аңызга айланган - Байзак баатыр

08-октябрь, 07:59
3 756 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

 

Байзак Тооке уулу, Байзак ажы (1827) Жумгал өрөөнүндөгү чекир саяк уруусунун кулжыгач уруугунан чыккан атак-даңкы төрт дубанга кеткен инсан. Жумгалдын манабы Байзак убагында акылмандыгы, кара кылды как жарган калыстыгы аркылуу бүтүндөй кыргызга таанылган, кадырлуу адам болгон. Байзак баатырдын кыргыз жергесинин Кытай менен болгон чек арасын тактоого жана белгилөөгө салымы чоң болгону эл арасында да, ал тууралуу жазылган булактарда да белгиленген. 

Байзак баатыр өз мезгилинде кыргыз журтчулугунун башчылары болушкан Алымбек, Байтик, Шабдан, Курманжан менен катарлаш, замандаш инсан болгон. Болгону кытай-кыргыз чек арасын ажыраткандыгы үчүн атайын чен алып, формасын кийип, территорияны ажыратуу боюнча атайын наамга жеткен Байзак ажы тууралуу убагында көп жазылбай келген. Болбосо, Байзак баатырдын кадыр-баркы ошолордой эле чоң инсан болгон. 

Кыргыз-Кытай чек арасын ажыратууда Байзакты орус экспедициясы кыргыз өкүлү катары катыштырып, анын чек араны жакшы билгенине, далилдүү талаша алгандыгын баалап, падышага сунуштап, ага чин алып берген. Ал Жалал-Абад, Нарын оёздорунун чегин да ажыраткан. Казак, тажиктер менен да чек ажыратууга катышкандыгы “Жумгал” энциклопедиясында белгиленген. Ушундан улам Байзак Тооке уулу жөнүндө жазылган даректүү баяндарда, аны “мамлекеттик ишмер” деп да атап келишет. 

Ал агасы Атагелди болуштун молдосунан окуп, кат тааныган, өз мезгилинин сабаттуу адамы аталган. 

Байзак баатыр Атагелдинин өтүнүчү менен Египет, Букара тараптан келген кербендер менен Үрүмчү, Үч-Турпан, Кашкар, Кулжага чейин барып, кыргыздын чектери менен толук таанышып чыккандыгы жана кийин кебендер менен эки жолу Ташкент, Кокон, Самаркан, Букарага чейин барып, шаар турмушун өздөштүрүп таалим алгандыгы айтылат.

Кадимки Шабдан Байзактын чек ара бөлүүдөгү эмгегин баалап, ызаат менен аны “баатыр” дечү экен. Ошондон улам эл ичинде “Байзак баатыр” деп аталып калыптыр. Чындыгында ал кезде эл бийлегендердин баары эле, “баатыр”, “аке” деген урматка ээ болгон эмес. Анын айткан сөзү төп келген, боло турган ишти алдына-ала көрө билген олуялыгы да бар экен.

Ошол мезгилдерде уруу аралык жердин чырларынын бардыгына Байзак кийлишип, калыс чечип берген. Ага мисал, Кочкор өрөөнүндөгү Сары-Багыш жана Азык урууларынын жер талашында да Байзак эки урууга тең бөлүп берген. Калыстыкка ыраазы болгон уруулар Мантышты аймагы менен Байзакка беришкен. Байзак кол кесерге тийген жерге Жумгалдагы катаган уруусунан Айтпай дегенди көчүрүп барган экен. Азыр анын бала-бакырасы ошол жерде жашайт дешет. 

Байзак-агартуучу

 Байзак баатыр өз убагында Жумгалда болуш болгон. Кара-Ойдо медресе ачтырып, бала окуттурган. Ал кезде алгач агартуу иштери диний багыттагы мечит, медреселерде жүргүзүлгөн.  Октябрь революциясына чейин агартуучулук ишин уюштурган аймактык башкаруу бийлигинин алдыңкы өкүлдөрүнүн бири- Байзак баатыр. Байзактын өзүнүн мектеби болгон. Кыргызстанда орус жергиликтүү мектептери 1884-жылдан баштап ачыла баштаса, Нарын облусу боюнча биринчи болуп Жумгалда 1899-жылы ачылган экен.

Байзактын токол алганы

“Бири кем дүйнө” дегендей Байзак баатыр да көпкө чейин бала көрбөптүр. Байбичеси, ары акылдуу, өзүнө теңдүү ары тараз бойлуу, терең ойлуу касиеттүү зайып болгон экен. Бирок, согончогу канабаптыр. 

Байзактын токол алып калышына кадимки олуя Куйручук себепчи болгон дешет. Күндөрдүн биринде Байзак баатыр Суусамыр тарапка аттанып калганда, ага удаа камданган Куйручук да баатырдын үйдө жогунда анын байбичесине кайрылып, токол келерин, ага камынып туруусун айтат. Бирок, байбиче ишенбейт. 

Суусамырга барганда да, баатырга айтпай, айыл аралап Мамбет байдын бой жеткен башы бош кызы бар экенин угуп калат да, ага куда түшүп барат. Алгач ишенбеген Мамбет эки уулун Куйручукка кошуп берип, Байзактын өз оозунан угууга жиберет. Эшик алдына койгон эки уулунун көзүнчө төрдөгү Байзактын кулагына бирдемелерди шыбырамыш болгон Куйручук эл көзүнчө анын “макул” деген сөзүн алат. Байзак баатыр ал убакта жакшы укпай эле кечке шыбырай берген Куйручуктун кыстоосунан “макул” деп койгон.

Ошентип, калыңын 3-4 күндө жеткирип берүүнү убада кылып, Мамбет байдын кызын себи менен түндөп жүктөтүп, Байзак баатырды Туура –Кайыңдынын оозунан тосуп алат. Бешим ченде жоро-жолдоштору менен Туура-Кайыңдыга жакындаган Байзак баатырдын алдынан теминип тосуп чыккан Куйручук, ага колуктусун сүйүнчүлөп, бир эсе куттуктап да жиберет. “Эмне дейт, кайдагы колукту?” – деп Байзак да таң калат. Түндө өзү менен макулдашып кеткенин айтат Куйручук. Байзак да көпчүлүктүн көзүнчө макулмун дегенин эстейт. Сөз баасын түшүнгөн Байзак, анын үстүнө Куйручукту да кыя албай моюн сунуп, той ырасмысын кылып, токолун үйүнө алып келген экен. Байзактын балдары мына ошол токолдон таралган дешет. 

Дагы бир даректүү маалыматта Байзак баатырдын жети аялы болгон (анын экөө жеңе аялы) деп берилет. Балдары Сымбардан, Жантели, Зарбат, Тойчубай, Мойдун, Ибраим, Ажымүдүндөн башка да балдары болгон дешет. Балдарынын ичинен Зарбат бир аз мансапка жакын, элден алыс, атасынын абройуна шек келтирген шогураак чыгат. Байзак баатыр карыбыраак калганда, Зарбаттын кээ бир кылыктарына кейип калган экен. 

 Азыр урпактары, баатырдын небере-чөбөрөлөрү Жумгал районунун мурунку Кайырма, азыркы Байзак айылда турушат.   

Байзак баатыр 1928-жылы төрөлүп, 1914-жылы 29-сентябрда каза болгондугу (төрөлгөн жылынын так датасында да бир аз талаш бар) айтылат. Советбек Байгазиев түзгөн “Байзак баатыр-кеменгер” китебиндеги санжырачы Бексултан Арыковдун айтымында, Байзак  өңү кара суурунан келген чап жаак киши болуп, бетинде бырыш болгон эмес. Кашы кара, суюк болгон. Көзү капкара. Тике адам бет багып карай алган эмес. Эки көзүнөн карышкырдын көзүндөй от күйүп турган, мурду кырдач, узун мурун, оозу ээрдин оозундай жалжагай болуптур. Моюну узун.Шыңга бойлуу, сакалы жок көсөө болгон. Адамды тике караганда, адамдар көзүн жалт этип тартып алышчу экен.

Нурайым Рысмамбетова

Aryba.kg




Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер