Бакыттын ачкычы болбойт. Анын эшиги дайыма ачык...


Биз бактылуу болушту деле каалабайбыз, азап-тозок азыраак болушун эле күтөбүз.
(Чарльз Буковски)
Ачууланган ар бир мүнөттө сен 60 секунд бактыңды жоготосуң.
(Ральф Уолдо Эмерсон)
Бала кездеги кыялдарыңдын ишке ашышы гана сага бакыт алып келет.
(Зигмунд Фрейд)
Бирөөгө бакыт каалоо менен биз өзүбүз бактылуу болобуз.
(Платон)
Мен туулдум бактылуу болуш үчүн, мындан башка дагы эмне керек?
(Альберт Эйнштейн)
Биздин бактыбыздын ондон тогуз бөлүгү ден соолукка байланыштуу.
(Артур Шопенгауэр)
Капалык – мен үчүн бакыт. Мен ушундай абалды жакшы көрөм. Мен кайгылуу нерселерди жазганда жылмаям.
(Лана Дель Рей)
Бакыт – жөн гана кыял, азап болсо – реалдуулук.
(Вольтер)
Биз туулгандан эле бир катачылык кетиребиз – бакыт үчүн жаралганбыз деп ойлойбуз.
(Артур Шопенгауэр)
Өлүм – бул чыныгы бакыттын эшигин аччу ачкыч.
(Вольфганг Амадей Моцарт)
Өлүм бир күнү келерин моюндоо керек. “Дайыма эле жаз болуп турат” деген куру кыялдан арылсаң, жай да, кыш да сага бакыт тартуулай баштайт.
(Брюс Ли)
Бакыттын эртеңи жок, анын кечээки күнү да жок. Ал өткөндү эстебейт, эртеңкини да ойлобойт. Анын бүгүнкүсү гана бар – ал да бир күн эмес, көз ирмем гана.
(Иван Сергеевич Тургенев)
Сүйүү – бул чектелген убакыттагы чексиз бакыт.
(Стас Янковский)
Чыныгы бакыт кымбат болбойт: эгер кымбат баа төлөгөн болсоң, демек, ал жасалма экен.
(Коко Шанель)
Адамдын бактысы эркиндик менен тартиптин ортосунда.
(Иван Петрович Павлов)
Бакыт – бул өзүңө өзүң канааттануу.
(Аристотель)
Кээ бир кишилер “атактуу болуп, акча тапсам эле бакытты сатып алам” деп ойлошот. Андай эмес.
(Курт Кобейн)
Бакыт үйүнө жыргал эшиги аркылуу кирген киши адатта азап эшиги аркылуу чыгып кетет.
(Блез Паскаль)
Бакытка көп эмгектенген киши жетет.
(Леонардо да Винчи)
Бакытты сырттан издебе, ал сенин өзүңдө.
(Пифагор)
Эгер сен бир кишини эртең менен турганда да ойлоп, кечинде да ойлоп жатсаң, анда ал киши же сенин бактыңа же кайгыңа себепкер экен.
(Эрих Мария Ремарк)
Тагдырым дайыма менин өз колумда, бакыт дайыма мени менен.
(Аксак Темир)
Сенден бактысыз адам менен бакыт жөнүндө сүйлөшпө.
(Плутарх)
Жаш курак бакытка тоскоол болбойт.
(Михаил Сафарбекович Гуцериев)
Эгер эркек сүйсө, ар кандай аял менен бактылуу боло алат.
(Оскар Уайльд)
Бакыт – бул ден соолугуң чың, эс-тутумуң начар болгону.
(Альберт Швейцер)
Бүгүнкү азабың эртеңки бактыңдын бир бөлүгү болуп калат.
(Энтони Хопкинс)
Сынган идиш бакыт алып келет, бирок археологдорго гана.
(Агата Кристи)
Аял баардык эркектерди суктандырыш үчүн эмес, бир эркекти бактылуу кылуу үчүн жаратылган.
(Эдмунд Бёрк)
Эгер бактылуу болгуң келсе, анда бирөөнү бактылуу кыл.
(Бахтияр Мелик оглы Мамедов)
Ар кандай чектөө бакытка алып барат.
(Артур Шопенгауэр)
Бакыттын ачкычы болбойт. Анын эшиги дайыма ачык...
(Тереза эне)
Бакыт – бул өзүңдүн жүрөгүңдү башка бирөөгө берүү.
(Рабиндранат Тагор)
Бакытты Кудайдан тилеп, даанышмандыкка болсо өзүң жетишиң керек.
(Марк Туллий Цицерон)
Мамат Сабыров
"Азия Ньюс" гезити











