Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Пияз менен сабиздин ден соолукка пайдалуу жактарын билесизби?

Пияз менен сабиздин ден соолукка пайдалуу жактарын билесизби?

22-январь, 19:19
791 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жөтөлгө пияздан варенье 

3 орточо пиязды алып туурап, 1 стакан шекер кошуп, 30 мүнөт чылап коёсуз. Андан кийин түбүнө күйгүзбөй, жай отто 10 мүнөт кайнатып алып, банкага салып, муздаткычта сактаңыз. Жөтөлгөндө 4-5 чай кашыктан күнүгө ичип турсаңыз, жакшы жардам берет.

Сабиз ашказанды тазартып, ичти жумшартып, боор оорусун айыктырат

Боор оорусу өтө жугуштуу болуп эсептелет. Аны айыктырууда күнүмдүк турмушта иштеле турган азыктуу жашылчаны, өзгөчө сабизди дары катары пайдаланууга болот. Сабиз көбүнчө ашказанды тазартып, ичти жумшартат. Какырыкты чыгарып, жөтөлдү басаңдатат жана боор оорусун айыктырат.

Сабиздин курамында май белогу, кант, А, В, С витаминдери, алма кычкылы сыяктуу адам денесине керектүү болгон заттар бар. Сабиздин жогоруда айтылган касиеттеринен пайдаланып, аны боор оорусун дарылоодо жакшы ийгиликке жетише алабыз.

Боор оорусу менен жабыркаган киши сабизди көбүрөөк жеши керек. Аны жээрден мурун жакшылап таза жууп, кырып, суусун чыгаргандан кийин 1 кг сабиз суусуна 2 кг шекер аралаштырып, коюу болгончо кайнатасыз. Натыйжада, ал сабиз шербети болуп чыгат. Андан күнүнө 20 граммдан 30 граммга чейин ичип жүрсө, боорго өтө пайдалуу.

Экинчи ыкмасы: сабизди майда кырып кесип, шекер кошуп сабиз ширесин даярдап, күнүнө тийиштүү өлчөмдө жесе да абдан жакшы. Эгер жогорудагыдай дары даярдоого мүмкүнчүлүк болбосо, сабиздин өзүн сууга бышырып жесе, же анын суусун ичсе да боор оорусуна, ошондой эле эски жөтөл жана ашказан оорусуна пайдалуу болот.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер