Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Кремлде” делген Самаранын концерти айылдагы клубдун деңгээлинде өттүбү?

“Кремлде” делген Самаранын концерти айылдагы клубдун деңгээлинде өттүбү?

24-октябрь, 01:35
16 061 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Башында “Москвада, Кремлде” деп рекламаны дүңгүрөтүп аткан Самара Каримованын концерти андай бийик даражанын деңгээлинде өтпөй калып, катардагы кыкеңский ырчылардын “созмосунан” ашып кетпеди. Жаңы табылга, чыгармачылык шык, артисттик өнөр, көңүл бурдура турган идея болмок турсун, баягы эски, ортозаар деңгээлдеги концертти кайталады го? “Тирүү болчу көйнөгүнүн гүлдөрү, баскан сайын бажырайып ачылган” деп улам кайталайт. Көйнөктү эч бир көк мээ “тирүү болчу” дебейт, адатта бир дагы образга коошпойт. Адамды, жаныбарды “тирүү” же “өлүк” экенин айтат, мүмкүн ыр сабына ошенип кошсо болот. Кадимки аялдар кийген материалды акыл-эси ордунда адам антип ырдайбайт! Мына, кеп маданиятын, сөздүн кунун билбеген сабатсыз ырчынын тантыраганы... “Акчаң болсо калтаңда, талтаңда да талтаңда” дегендей эски лакапты эстетип, пулдун күчү менен жасалма деңгээлде “шаңкылдамайды” шардана кылды. Жарашпаса да, үнү жетпесе да созу-уп атты. Чет тилде ырдаганычы, “акценти” ой-да гүлдүрдү да-а. Мындайды күтпөгөн айрым сабаттуулар этектерин кагып-силкип туруп кетишти... 

Айнагуль Эдиль, Москва шаары

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер