Сүйгөн жигитим өлүп калыптыр, бирок анын арбагы жанымда жүргөнсүйт...


Биз мындан жүз жылдар мурун таанышкандайбыз... А чынында он жылдан ашык убакыт өтүптүр. Жашоомдо кезиккен, сүйгөн адамым болуп кала бердиң. Башында мен бактылуу жаралган кыз болчумун. Кичинекейимден иним экөөбүз ата-энемдин мээримине бөлөнүп, барчылыкта чоңойдук. Бала кезибиз бактылуу өттү. Эл барбаган чет өлкөлөргө барып, башкалар кийбегенди кийип чоңойдук. Мектепти аяктаган соң эң мыкты жогорку окуу жайларынын биринин экономика факультетине өттүм. Окууларым дагы ийгиликтүү эле. Ооба, анын баары сага жолукканга чейин болчу...
Экөөбүз бир университетте окучубуз. Ошончо жүздөгөн жигиттердин арасынан сени жактырып калганым ай. Менин сезимимди билген курбуларым тез эле жолун таап, тааныштыра коюшту... Бир күнү жыргайбыз. Эртеси урушабыз. Бирок, биз баары бир бактылуу элек. Турмуш куруу сааттары да жакындады. Бирок, биздин сүйүүбүзгө ата-энем таптакыр каршы чыкты. Мен алардын өз канынан жаралган баласы болсом да, ата-энемдин, өзгөчө апамдын байлыкты ушунчалык жакшы көрөрүн жактыра берчү эмесмин. Акыры апамдын ошол сапаты менин бактымды балта менен чапкансыды. Азаматтан ата-энем ажыраткан соң, мен үчүн баары бир эле. Дүңгүрөтүп той берип, бир байдын баласына турмушка узатышты. Заңгыраган үй – баары турат. Бирок, мен бактысызмын. Бактылуу болуп кете албадым. Кайдандыр эле Азамат мени чакырып жаткандай сезилет. Мурда биз жолугуп жүргөн жерде күтүп тургансыйт. Менде ошондой сезим болот. Баардык ишимди токтотуп, ошол жакка баргым келип эңсейм. Убакыт таап барам, бирок ал жок. Унаа айдап баратсам элеси кошо чуркап ээрчип келе жаткандай сезилет. Унаамды токтотуп карайм, бирок ал жок. Баскан-турган жеримде ал жүргөнсүйт, бирок чынында көрүнбөйт. Үрүл-бүрүл түшүмдө көрөм. Кайдадыр мени чакыргансыйт... Жакында группалаш кызыма жолугуп, суук кабар уктум. Азамат автокырсыктан каза болуп калыптыр. Денем “дүр” дей түштү. Анда бассам-турсам мени Азаматтын арбагы коштоп жүрөбү? Мени кайда чакырып жатат? Бул көрүнүштү күн сайын байкачу болдум. Молдолорго же ооруканага барсамбы? Бирок ал көрүмчүнү жоготуп алуудан корком. Анткени ал менин сүйгөнүм да...
Нурай Буркан кызы











