Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күйөөмдү дагы деле сүйөм, бирок анын чыккынчылыгын кечире албай жатам...

Күйөөмдү дагы деле сүйөм, бирок анын чыккынчылыгын кечире албай жатам...

14-сентябрь, 21:45
49 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Үйдө үч кыз, бир уулбуз. Мен улуусумун. Атам биз кичинекей кезибизде эле каза болуп, апам бизди жалгыз чоңойтту. Апама жардам болсун деп, 18 жашымда мектепти бүтөрүм менен Москвага иштегени кеттим. Ошентип, 24 жашка чейин ошол жакта эмгектендим.

     Москвадан өзүмдүн сүйүүмдү таптым. Жигитим экөөбүз бири-бирибизди жактырып, бир жылдай сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Үйлөнгөнүбүзгө бир жыл боло электе уулдуу болдук. Андан кийин удаасы менен эки кыздуу болдук. Үч баланын энеси болуп, үй-бүлөм менен бактылуу жашап жүрдүм.

     Азыр 28 жаштамын. Күйөөм экөөбүздүн ортобуздан «кара мышык» өтүп, жашообуз күтүүсүздөн өзгөрүп кетти. Күйөөмдүн башка аял менен мамилеси бар экенин билип, катуу сокку алдым. Көзүмө чөп салып, мени алдап жүргөнүн көтөрө албай, балдарымды алып төркүнүмө кетип калдым.

     Кайын журтум жараштыруу үчүн көп аракет кылды. Бирок жүрөгүмдөгү ооруну баса албай, күйөөмдү кечире алган жокмун. Ал да артымдан келип, жарашууга аракет кылган жок. Ошентип, бир жыл өттү. Күйөөм тиги аялга үйлөнүп алды. Азыр алардын чогуу жашаганына бир жыл болду.

    Ошого карабай, мен күйөөмдү дагы деле сүйөм. Кечире албасам да, жүрөгүмдүн бир бурчунда ага болгон сезимим өчө элек. Кээде кызганып да кетем. Анткени ал балдарымдын атасы, бир кезде жанымдан артык көргөн адамым.

     Жакында күйөөм чалып, балдарын көрүп кетүүгө уруксат сурады. Мен макул болдум. Үйгө келип, балдары менен ойноп, экөөбүз сүйлөшүп отурдук. Ошол учурда экөөбүздүн ортобуздагы сезимдер кайра ойгонуп ичимден аябай жакшы көрүп кеттим.

     Ошол күндөн кийин күйөөм да мага бат-баттан чалып, жолугушууну сунуштай баштады. «Сени дагы деле жакшы көрөм. Мен адашыптырмын» деп ар кандай сөздөрдү айтып, үйгө көп келе турган болду.

     Бир жагынан, аны дагы деле сүйөрүмдү сезем. Балдарымдын атасы катары үй-бүлөмдүн кайрадан бүтүн болушун каалаган учурларым да бар. Экинчи жагынан, анын мага кылган чыккынчылыгы көз алдымдан кетпейт. Биз кеткенден бир жыл өтпөй эле тиги аялга үйлөнүп алганын эстесем, жүрөгүм ооруп, ачуум келет. Ошол аялдан азырынча баласы жок экенин да билем.

     Күйөөмдүн азыр кайрадан мени издеп, жакшы көрөрүн айтып жатканына эмне кыларымды билбей турам. Ал чындап өкүнүп жатабы же жөн гана мени менен кайрадан мамиле түзгүсү келип жатабы? Түшүнүксүз.

     Урматтуу айымдар, сиздерден кеңеш сурайм. Күйөөмдү дагы деле сүйөм, бирок анын өткөндөгү чыккынчылыгын кантип кечирем? Анын сөздөрүнө ишенсем болобу? Балдарымдын атасы менен кайрадан жакындашканым туурабы же өз жолум менен кеткеним туурабы?

                                                               Айка
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер