Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Расул УМБЕТАЛИЕВ, электр энергиясы боюнча эксперт: “Ош, Жалал-Абадда күнүнө 50-60 айылда электр энергиясы өчүрүлүүдө”

Расул УМБЕТАЛИЕВ, электр энергиясы боюнча эксперт: “Ош, Жалал-Абадда күнүнө 50-60 айылда электр энергиясы өчүрүлүүдө”

17-ноябрь, 16:00
703 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кыш жакындап, суук түшө баштаганда Кыргызстанда электр энергиясын үнөмдөө максатында лимит киргизилди. Кыргызстандагы жети облустагы өкмөттүн өкүлдөрү электр кубатына киргизилген лимиттин сакталышын катуу көзөмөлгө алганы билинүүдө. Мунун кандай кесепеттери бар?

-- 2019-жылы 16-октябрда өкмөт өзүнүн токтому менен лимит киргизди. Ар бир облус, аймактарга, шаарларга, айылдарга ар башкача лимит кирди. Лимит – бул түздөн-түз чектөө. Нанга, унга мындай жок да. Эмнеге дегенде, ун, наныбыз жетиштүү. Ал эми электр энергиясы жетишсиз болуп жатат. Биринчиден, өндүрүп жаткан электр энергиясы толук кандуу колдоно турган көлөмүнө жетишсиз. Өткөн жылкыга салыштырмалуу Токтогул суу сактагычында 2 млрд. көлөмдөгү сууга аз болуп жатат. Үчүнчүдөн, кыш мезгилинде жайкыга салыштырмалуу 3% эсе көбүрөөк колдонулат. Подстанция, трансформаторлорга басым болуп, көп авариялар болууда. Улуттук “Энергохолдинг” менен башка компаниялардын жетекчилери “эч кандай өчүрүүлөр болбойт” деп жатат. Анда эмне үчүн чектөө киргизилүүдө? Чектөөдө электр энергиясы өчүрүлөт. Токтомдо так жазылган: ким лимиттен ашып кетсе, ал подстанциядан толук өчүрүлөт. Мына, кыш мезгили келип, алыскы аймактарда кар жаап, 20-30 градус суук болууда. Ал жакка чектөө киргизгенге болбойт. Себеби, түздөн-түз ар бир жарандын өмүрүнө, жашоо мүмкүнчүлүгүнө таасир бериши мүмкүн. Ишканалар банкротко учурашы ыктымал. Күндө массалык маалымат каржаттарына маалымат чыгып жатат. Кайсы райондордо, аймактарда күнүгө өчүрүүлөр болуп атканы так көрсөтүлүүдө. Ош, Жалал-Абадда күнүнө 50-60 айылда, Көлдө, Таласта, Чүйдө, жалпы район, айылдарда, калаабыздагы жаңы конуштарда өчүрүлүүдө. Бул эмне дегенде, кайра эле улуттук “Энергхолдингдин” калп айтканы, элге маалымат бербегени айкын   көрүнүүдө. Алардын убадалары аткарылбаган нерсе. Өзүнүн элине калп айта берүү болбойт. Эки жыл ичинде премьер-министр “электр энергиясында өзгөрүүлөр болбойт, тарифти көтөрбөйбүз” деп айтып жүргөн. Кечээ болсо “тарифти көтөрүшүбүз мүмкүн” деп жатат. Энергия тармагы эң корруппцияга малынган тармак. Ал жердеги коррупция менен күрөшпөсө, канча пайызга электр энергиясын көтөрсө, ошончо пайызга уурдалып, тоноло берет. Тариф өзгөрткөндөн эч кандай жыйынтык болбойт. Негизи эле энерготармактын баарын карап чыгып, өз мүмкүнчүлүктөрүнө карап коррупцияга бөгөт коюп, кескин түрдө реформа кылып, өзгөртүү киргизип, электр энергияны көтөрбөй эле иш кылса болот. Тарифтен мурун коррупция менен жакшы күрөш зарыл болуп турат. 


Жамиля НУРМАНБЕТОВА

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер