Акыркы кабарлар
22:58
» Экономика » Кытай Кыргызстандын насыя төлөө мөөнөтүн узартты
Кытай Кыргызстандын насыя төлөө мөөнөтүн узартты
11-ноябрь, 19:48

Бул тууралуу каржы министрлигинин мамлекеттик карыз башкармалыгынын башчысы Руслан Татиков бүгүн маалымат жыйында билдирди.
Расмий маалыматка ылайык, учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат жана Кытай тарап узартуунун чоо-жайын айтпоону суранды. Буга чейин Татиков “Акчабарга” берген маегинде Кыргызстан Кытайга жылына төрт жолу: январь, март, июль жана сентябрь айларында төлөм жүргүзүп турушу керек деп айткан.
"Азыр араб донорлору – Абу-Даби фонду, Сауд Арабиясы жана Кувейт фонддору, Түркия мамлекети жана Париж клубунун мүчөлөрү – Германия, Түштүк Корея, Япония, Франция жана Дания менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат" деди Татиков.