Акыркы кабарлар
» Күч берен » Оруссияда кыргызстандык боксчу каза болду
Оруссияда кыргызстандык боксчу каза болду
03-октябрь, 08:51


Россиянын Ленинск-Кузнецкий шаарындагы кафелердин биринде сабалып, 25 жаштагы боксчу каза болду. Маалыматка ылайык, Россиянын жараны бокс боюнча кыргызстандык машыктыруучу Болот Атакуловду сабап салган. Жабырлануучу ооруканада каза болду. Мушташты баштаган шектүү колго түшкөн. Анын айтымында, ага каза болгон жаран жанындагы кыз менен сүйлөшкөндүгү жакпай калган. Шектүү жаш жигитти сыртка алып чыгып мушташа кеткен. Ал машыктыруучунун башын бир канча жолу асфальтка урган.
Учурда маркумдун достору анын сөөгүн Кыргызстанга алып келүү үчүн акча чогулта башташты.
"Азия Ньюс" гезити











