Акыркы кабарлар
» Күч берен » Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусуна да батир берилеби?
Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусуна да батир берилеби?
03-октябрь, 08:16


Кыз-келиндер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусу Нурбек Изабековго да батир берүүнү ЖКнын 3-октябрдагы парламенттик отурумунда депутат Мирлан Бакиров сунуштады.
Анын айтымында, машыктыруучуга бир бөлмөлүүболсо да батир сый катары берилсе, чоң колдоо болмок. “Бул Токиодо өтөтурган Олимпиадада Айсулуу жеңет деген үмүттүн акталышына кошкон салым болот”, - деп айтты Бакиров.
А.Тыныбекова 20-сентябрда Нур-Султан шаарында өткөн Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалында болгариялык Тайбе Мустафа Юсеинди 5:3 эсебинде утуп алган.
Аryba.kg











