Медер Бишкек, тай-цзи чебери: “Адамдын психологиясын өзгөртүү ачкычы биздин машыгууларда”

-- Руханий азык алып, бааласаңыз керек... Окуган китептериңиз, окуялар тууралуу ой бөлүшсөңүз?
-- Мен баалаган китептер абдан көп. Кээ бир авторлор жана алардын китептери тууралуу кыскача айтайын. Көркөм чыгармада Робиндранат Тагор, Калил Джебран, Ли Бо, Джами, Гете, Шекспир, Басе, Калидаса, Оноре де Бальзак, Бернард Шоу, Лев Толстой, Джек Лондон, Чыңгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбеков болсо, философияда Конфуций, Лао Цзы, Дж. Кришнамурти, Ошо Раджниш, Сократ, Демосфен, Пифагор, Гераклит, Спиноза, Ницше, Уильям Джеймс, Ральф Уолдо Эмерсон, Шопенгауер, Монтень, Йегуда Берг. А диний философиядан Мухаммед (С.А.В), Будда, Иса. Суфийлерден Бахаудин Накшбанди, Аль Газали, Омар Хайям, Ар Рази, Рабия аль Адавия, Ахмед Яссеви, Дзен. Буддизмден Бодхидхарма, Хакуин, Исан, Судзуки, Алан Уотс. Психологиядан Зигмунд Фрейд, Карл Густав Юнг, Адлер Альфред, Дейл Карнеги, Джо Диспенза. Өмүр баяндардан Акио Марита, Коносуке Мацусита, Генри Форд. Реформаторлордон Мустафа Кемаль, Людвиг Эрхард, Ли Куан Ю, Мохамад Махатхир, Дэн Сяопин, Пак Чон Хи сыяктууларды айтар элем.
Китептерде кызыктуу окуялар абдан көп. Бир-эки мисал: Джо Диспенза катуу авариядан соң дарыгерлер өмүр бою баспайт дегени менен Джо устат ойдун, визуализациянын жардамы менен толук айыгып, басып кеткен. Ал эми Даниель Амен болсо мээнин иштешин жогорулатып, бетиндеги бырыштарды кетирип, туптунук кылып, карылыгын жеңип, жашарып алганы дүйнөнү таңгалдырууда.
-- Адамдарды өзгөртүүгө кандай жардамыңыз бар?
-- Кудайга шүгүр, тай-цзи залыма депрессияга түшкөн жүздөгөн адамдар машыкканы келишип, оңолуп, ден соолуктары чыңдалып, позитивдүү көз карашка өтүп, ийгиликтүү эмгектенишип кетишти. Чыгыш жоокердик өнөрлөрү башка адамды эмес, өзүн-өзү жеңгенге тарбиялайт. Кемчиликтерин жеңүүгө үндөйт. Мисалы, зыяндуу адаттардан: тамеки чегүү, спирт ичимдиктерин ичүү, насвай тартуу, корс мүнөздүүлүк сыяктуу сапаттардан арылышты. Бул да болсо менин жеңишим. Медитация, аутотренинг, эмоционалдык-эрктүүлүк машыгуулары адам баласынын психологиясын өзгөртүүнүн ачкычы, негизи чоң жардамын көрсөтө алат экен.